“Демократия шейиттерин” четке каккан имам жумушунан бошотулду
Түркиянын Истамбул шаарында жайгашкан Хажы Нури мечитинин имам хатиби Мухаммад Умай Хожа Түркия өкмөтү жар салып жаткан “демократия шейиттери” аталышын четке каккан. Анын “демократия шейиттери деген нерсе болушу мүмкүн эмес” деген сөзү имамдык вазыйпасынан бошотулушуна себеп болду.
Белгилүү болгондой, 2016-жылы 15-июль күнү Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине каршы көчөлөргө чыккан мусулман калк Исламий ураандарды айтып чыкканына карабастан, өкмөт өкүлдөрү жана өкмөткө караштуу маалымат каражаттары кагылышууда көз жумган инсандарды “демократия шейиттери” деп баяндай башташты. Негизи, мусулман калк бийликти Исламга душманчыл камалисттер ээлеп алышына каршы көчөлөргө чыккан. Себеби, Түркия калкы камалисттер өкүмдарлыгында жашап, алардын Исламга душмандыгын өз көздөрү менен көрүшкөн. Ошондуктан, мусулман калк жалаң гана Ислам ураандарын кыйкырып көчөлөргө чыгышты. Өкмөт өкүлдөрүнөн жана ага караштуу басма сөздөн бөлөк эч ким демократияны оозго алган жок. Жада калса, журналисттер көчөлөргө чыккан адамдардан “Каршылык көрсөтүп көз жумган адамдарды демократия шейиттери деп айтышууда, силер буга эмне дейсиңер” деп сурашканда, алар “Демократия шейити да болобу?! Биз Аллах үчүн, динибиз үчүн хунтачыларга каршы чыктык” деп жооп беришкен.
Ушундай таризде Хажи Нури мечитинде имам болуп келген Мухаммад Умай да “демократия шейиттери деген нерсе жок” деп каршылыгын билдирген. Ушул себептен улам, бул имам жумушунан четтетилип, анын үстүнөн тергөө башталды.
Туркистон:
Дүйнөдө куфр менен Ислам ортосундагы идеологиялык күрөш болуп көрбөгөн чегине жетип, алар эми исламий уламаларыбыздан куфр келтирүүнү талап кыла башташты.
Куфр системасы идеологиялык кыйроого учурап, кадыры кетип, коомдон четтеп бара жаткандан улам, ал коомдо жетекчи кубатты колго ала баштаган Ислам идеологиясынын баалуулуктарын жамынуу стратегиясына өтүүдө. “Муътадилдик жана радикал багыттар, экстремизм, терроризм, демократия шейиттери” сыяктуу аталыштар жардамында куфр өзүн коргоо үчүн, бузук идеологиялык исламий катмарды пайда кылмакчы болууда. Мында исламий уламалардын көз карашы жана позициялары алар үчүн абдан маанилүү. Алар куфрга ыктаган исламий уламалардын жана диний активисттердин армиясын пайда кылууга урунушууда. Эрдаган бул долбоордогу баштапкы тажрыйба үчүн тандалган диний саясий жетекчи адам болуп, ал исламды чүмбөт катары пайдаланып куфрду Үммөт ичине алып кирүү миссиясын алып барууда. Ал киргизип жаткан “демократия шейитттери” деген жаңы термин, куфр аталыш болуп, аны моюнга алган жана тастыктаган мусулмандын ыйманы үчүн абдан чоң коркунуч бар.
Бу багыт дээрлик бардык исламий өлкөлөрдө орун алган. Кыргызстанда да мечит имамдарынын ыйманий кубатын сыноо үчүн, муфтияттын жардамында, коопсуздук кызматы мечит имамдарын рамазан айында азанды убагы кирбей жатып айтууга мажбурлоо ишин алып барды. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк алсыз имамдар буга ыраазы болушту. Бул да, артында турган жүздөгөн, миңдеген мусулмандын ибадаты бузулушуна себеп болгон оор күнөөнү билип туруп өз мойнуна алуу болуп, маклуктардан коркуу жана арзыбаган дүнүйөнү көздөгөн ишеним алсыздыгы болуп эсептелет.
Куфр системасынын өкүлдөрү өзүлөрүнүн исламий катмарын кубаттуу кылуу жана аларды ар дайым коркууда кармап туруу максатында «терроризм», «экстремизм» сыяктуу куфр аталыштарын ойлоп таап, куфрга же арамга ыраазы болбогон бир канча имам уламаларыбызды узак мөөнөткө эркинен ажыратып же өлтүрүп салышууда. Жогорудагы боордошубуз Мухаммад Умай Хожа, андан мурун Москвада камакка алынган Махмуд Валитов, Кыргызстанда камакта отурган Рашод кары Камолов жана башка жүздөгөн имамдар куфр зындандарында калууда. Дагы нечендегендери кезекте, куфрдун көзөмөлү жана кысымы астында аракет кылышууда. Алар куфр келтирип, дүнүйө жана жыргалчылык үчүн ыйманын кечүүгө ыраазы болбогону үчүн азапталышууда. Аллах алардын жана биздин кадамдарыбызды бекем кылсын, Өз нусраты менен нажат берип, акыретте куфр келтиргендердин катарында тирилтүүдөн Өзү коргосун, Амиин.