Трамп: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү израилдин ролун тан алышы керек

281
0

Трамп: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү израилдин ролун тан алышы керек

Саудиядан кийин израилге сапар тарткан АКШ президенти Дональд Трамп түндүк Куддуста берген билдирүүсүндө, АКШ менен израиль ортосундагы кызматташтык ар дайымкыдан күчтүүрөөк болушун баса белгиледи. Трамптын айтымында, эми израилди эч ким коркута албайт.
“Терроризмди (Исламды) жок кылып, перзенттерибиз үчүн коопсуздук жана тынчтык жаратып бергенге чейин жаныңарда турууга Кошмо Штаттардын атынан сөз берем”, “Мен бийликте турганда, Иран мамлекети израил калкын жок кылам деп коркута албайт” – деди Трамп.
Саудиянын борбору Эр-Риядда Исламий өлкөлөрдүн башчылары менен өткөргөн жолугушууга ишара калыган АКШ президенти “Терроризмге (Исламга) чекит коюу о.э. перзенттерибиз үчүн көркөм жана жаркын келечек тартуулоо үчүн (Исламий өлкөлөрдөн турган) өнөктөштөрүбүз менен союз түзүшүбүз керек. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү израилдин региондогу ролун моюнга алышы керек”, – деди.
Трамп өзүнүн президенттик доорунда АКШ бийлиги израилди мурдагыдан да көбүрөөк колдоп-кубатташын билдирип: “АКШ жана израилдин коопсуздук боюнча кызматташтыгы ар дайымкыдан да күчтүү болушун жана мунун өзгөчө даражаларын менин доорумда көрөсүңөр”, – деди.
Трамп Жакынкы Чыгышка сапарынын алдында берген интервьюсунда израиль калкын өтө жакшы көрө тургандыгын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here