“Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, 24-май күнү Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери Кеңешинин отуруму болуп өтөт.
Жолугушуунун күн тартибиндеги маселелер 13 пункттан турат. Катышуучулар Сирия жана Ирактагы согуштарга катышуу үчүн кеткен КМШ жарандары, алардын мекенине кайтып келүүсү жана КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын биргеликте ыкчам аракеттенүүсү маселелерин карап чыгышат.
КМШ уюмунун аткаруу комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, күн тартибинде терроризмге каршы күрөшүү тармагындагы кызматташтык маселелери да орун алган.
Катышуучулар КМШ өлкөлөрү үчүн учурдагы террористтик коркунучтар бааланган документти талкуулашат, терроризм жана экстремизмдин түрдүү көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү боюнча 2014-2016-жылдарга болжолдонгон кызматташтык программасынын аткарылышын о.э. КМШ антитеррор борборунун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын карап чыгышат.
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилери жолугушат
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилери жолугушат