АКШ аскерийлеринин жүгүн жеңилдетүү Саудиянын мойнуна түштү

318
0

АКШ аскерийлеринин жүгүн жеңилдетүү Саудиянын мойнуна түштү

АКШ президенти Дональд Трамп Саудияга болгон сапарынын алкагында Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз менен 110 миллиард доллардык курал-жарак келишимине кол койду. Ак Үй тарабынан берилген билдирүүгө ылайык, бул келишим АКШ тарыхында кол коюлган эң ири курал-жарак келишими болду. Өзгөчө, бул келишим 110 миллиард долларлык Америка куралы сатылгандыгын түшүндүрөт.
“Reuters” маалымат агенттиги тараткан кабарга ылайык, бул келишим 6 миллиард долларлык 150 даана Blackhawk тик учагын да камтыйт.
Франсуз AFP маалымат агенттигине интервью берген Ак Үй өкүлү билдиргендей, аталган келишимге ылайык Саудия региондо жүргүзүлүп жаткан террорго (Исламга) каршы операцияларга көбүрөөк салым кошот жана АКШ аскерийлеринин мойнундагы жүктү жеңилдетет.
Ак Үй өкүлү бул келишимдер АКШ менен Саудиянын коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын сезилээрлик даражада кеңейтишин да кошумчалады.
“Бул келишимдер Саудиянын бүткүл региондогу антитеррор операцияларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет”, – деди АКШ администрациясынын өкүлү.
Эскерте кетсек, Трамп мындан бир ай мурда берген билдирүүсүндө Эр-Риядды Вашингтонго карата адилетсиздик кылып жатат деп айыптаган. Трамптын айтымында, АКШ Саудияны коргоо үчүн өтө көп каражат сарптаганына карабастан, Эр-Рияд Вашингтондун коргоосу астында калышы үчүн мойнундагы милдетти аткарбаган. О.э. Трамп шайлоо кампаниясы убагында да Саудияга карата ушундай сындарды жаадырган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here