Түркия менен Кытай ортосунда жаңы келишимдерге кол коюлду

299
0

Түркия менен Кытай ортосунда жаңы келишимдерге кол коюлду
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын борбору Пекин шаарында өткөн “Бир алкак – бир жол” форумуна катышты. Аталган тема боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген Эрдоган, кургактык жана деңиз жолу соодасы үчүн көптөгөн мамлекеттердин инфраструктурасын өнүктүрүү көздөлгөн ушул долбоор терроризмди жок кылышын билдирди.
“Өтө кеңири масштабда ишке ашырыла турган бул демилге экономикалык, саясий, социалдык жана маданий тармактарда бири-бири менен байланышкан жаңы система пайда болушун түшүндүрөт”, “Айрыкча, дүйнөдө өнүгүп бара жаткан терроризмге каршы түзүлгөн бул долбоор терроризмди биротоло жок кыла турган долбоор болот. Бардыгына пайда келтире турган бул кызматташтык модели ийгиликтүү болот деп ойлоймун. Биз Түркия мамлекети бул долбоорду ар кандай көрүнүштө колдоп-кубаттоого даярбыз”, – деди Эрдоган.
Кытай менен “Кылмышкерлерди мекенине кайтаруу” боюнча да келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын тизмесинде болгондор жана Европа Союзунун тизмесинде болгондор биринчи этапка коюлат. Булардан башкалар кырдаалга карай экстрадиция кылынат. Мындан тышкары мыйзамдуу түрдө өз өлкөсүнө өткөрүп берилиши керек болгондор бар болсо, алар албетте өз өлкөсүнө кайтарылышат.
Кылмышкерлерди кайтаруу келишими башбаанек издеп Түркияга келген Чыгыш Түркстандык мусулмандарды Кытай бийлигине тапшырууну да өз ичине алат. Кытай бийлиги болсо Чыгыш Түркстандан качып, Түркиядан башбаанек тапкан мусулмандарды террорчу катары жазалашын элдин баары билет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here