Эрдоган: Трампка өзүм толук түшүндүрөмүн

200
0

Эрдоган: Трампка өзүм толук түшүндүрөмүн

АКШ президенти Доналд Трамп Күрт жумушчу партиясынын Сириядагы бөлүмү PYDны курал-жарак менен камсыздоо туурасында чечимге кол койду. Бул туурасында АКШ коргоо министрлиги (Пентагон) жарыя кылды. Пентагондун басма сөз катчысы Дэйна Уайт өзүнүн жазма баянаты аркылуу маалымдашынча, президент Трамп Раккада анык жеңишке жетиүү, “Сирия демократиялык күчтөр”үн курал-жарак менен камсыздоо аркылуу болоорун билдирип, бул ишти АКШ коргоо министрлигине тапшырган.
АКШнын бул чечими туурасында “PYD”нын аскерий канаты эсептелген YPG расмийлеринин бири баянат берди. Анын айтышынча, Ракканы кыска убакыт ичинде ИШИМдин колунан азат кылуу үчүн бул курал-жарактарга муктаждык туулат.
“АКШ жакында бизге миномёт, ракеталар, оор пулемёттор, автоматтык куралдар, оор автомат куралдары, бронетехникалар жана танктарды жиберди. Бул куралдар бизге абдан керек. Ракка борборуна жүрүш кылганыбызда танк жана бронетехникалар керек болот”, деди YPG расмийи.
Маалым болгондой, Түркия бул уюмдарды Күрт жумушчу партиясына байланыштуу болгондугу үчүн террорчу деп жарыялаган. Ошон үчүн Анкара YPG нын Ракка операциясына катышуусун каралап келет. Бирок Түркиянын жакын союздашы болгон АКШ анын каршылыгына карабай, YPGны оор куралдар жана бронетехникалар менен камсыздоодо. Түрк расмийлери болсо буга каршы экендиктерин айтып, ар кандай кызмат болсо, өздөрү даяр экендигин айтышууда. Союздаштарына өзгөчө АКШга карата бир канча жолу “террорчулардын эмес, биздин жаныбызда болгула”, деп баянат берди.
Кызыгы, Түркия делегациясы АКШда сүйлөшүүлөрдү алып бараткан бир убакта Трамп Түркиянын душмандарына оор куралдарды берүү туурасындагы токтомго кол койду. Ушундай болушуна карабай, Түркия делегациясы олуттуу каршылык көрсөтүп, АКШдан кетип калбады. О.э. президент Эрдоган да 16-майга белгиленген АКШга боло турган сапарын жокко чыгарбады. Демек мына ушундан көрүнүп тургандай, АКШ кандай чечим кабыл кылса да өзү билет. Түркиянын алсыз каршылыктарын этибарына албайт жана Түркия АКШнын чечимдерине сөзсүз баш иет.
Президент Эрдоган Сиерра Леоне президенти Эрнест Баи Корома менен бирге атайын уюштурулган пресс-конференцияда мындай деди: “Сирия жана Ирактагы ар кандай өзгөрүү биз үчүн түздөн-түз улуттук коопсуздук маселеси болуп эсептелет. Биз союздаштарыбызды террорчу уюмдардын эмес, балким биздин жаныбызда турушун каалайбыз. Ушул маселе жүзөсүнөн улам мамилебизди жана Трамптын чечимдерине карата болуп жаткан нааразылыктарыбызды 16-май күнү боло турган жолугушуубузда жеке өзүм кеңири түшүндүрөм”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here