Чет элдиктерди коркутуу аркылуу акча өндүрүп жүргөн милиция кызматкерлери кармалды

176
0

Чет элдиктерди коркутуу аркылуу акча өндүрүп жүргөн милиция кызматкерлери кармалды
Ленин райондук Ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун “Азаттык” радиосуна маалымдашынча, Бишкекте чет элдик жарандарды коркутуп пул талап кылгандыкта күмөндөнгөн милиция кызматкерлери эки айга камакка алынган.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 29-мартында болгон. Милицияга арыз менен кайрылган пакистандыкжаран кафелердин биринен чыгып баратканда тартип сакчыларына телефонун тарттырып жибергенин айткан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, бир кыз жана эки милиция кызматкери кармалган. Иликтөөдө алар негизинен чет өлкөлүктөрдү опузалап акча алып келгени ачыкка чыккан.
Жабырлануучулар кафелерде кыз менен таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, ал жакта селки кыйкырып, телефон чалганын, бир нече убакыттан кийин милиция кызматкерлери келип чет элдиктерди кармаганын жана акча талап кылганын айтып беришкен.
Кабарда келишинче, кармалган милиция кызматкерлеринин экөө тең 1990-жылы туулган. Бири ИИМдин Күзөт башкармалыгында, экинчиси Бишкек шаардык патрулдук милицияда иштеген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here