Түркияда мигранттарга кысым күчөөдө

606
0

Түркияда мигранттарга кысым күчөөдө

Түркиянын Стамбул шаарынын Зайтунбурни провинциясында “террорго каршы күрөш” (TEM) тобу тарабынан тазалоо операциясы өткөрүлдү. Амалият учурунда 21 мусулман уйгурлар колго түшүрүлүп, Зайтунбурни коопсуздук кеңсесине алып кетилди. Азыр алардын өз өлкөлөрүнө депортацияланышы айтылууда. Камакка алынгандардын дээрлик бардыгы аялдар жана жаш балдар. Алардын паспорттору бар, ал тургай, көпчүлүгүнүн Түркияда туруктуу жашоо үчүн уруксатнаамасы да бар.
Кабарда айтылышынча, бейөкмөт уюумдар өкүлдөрү Зайтунбурни коопсуздук кеңсесине барып, жооптуулар менен жолугушкан. Бирок, алар бул операция “TEM” тобу тарабынан жүргүзүлгөндүгү себептүү бул жаатта бирер маалымат бере алышпасын айтышкан. Камакка алынгандардын аты-жөндөрү суралганда, “адвокатка гана маалымат беребиз, азыр өзгөчө кырдаал, ошондуктан, алар менен жолугуштуруу да мүмкүн эмес” деп жооп беришкен.
Бейөкмөт уюмдар өкүлдөрү Стамбул коопсуздук департаментине да кайрылышкан жана алардан да жогорудагыдай жоопту алышкан. Коопсуздук мекемелери – өзгөчө кырдаал себептүү – бул тууралуу беш күнгө чейин эч кандай маалымат бере алышпасын билдиришкен.
Туркистон:
Камакка алынгандардын көпчүлүгүнүн Түркияда туруктуу жашоого уруксатнаамасы болгон соң, демек, алардын кимдиги жана каерде жашагандыктары мамлекетке маалым болгон. Анан кантип аларды “ИГИЛ”ге байланыштуу деп айыпташ мүмкүн?. Мунун үстүнө, жаш балдар жана муслима аялдар кандай террорист болушу мүмкүн?!
Эгер мына ушул кишилер Кытайдын хансу бутпарас-мушриктеринен болгондо, ТЕМ тобу аларды камакка алып, мамлекет аларды депортация кылар беле?! Жок! Ансыз деле миңдеген хансулар Түркияда беймалал иштеп, тынч гана жашап жүрүшөт. Эч ким аларды кармаган да, камаган да жок. Бирок, ошо хансулардын зулумунан качып, мусулмандар өлкөсүнө баанек издеп келген мусумандар үчүн жер тарып кетти. Качанга чейин?..

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here