“Уюштурулган спектакль”
Маалымат каражаттарынын кабар кылышынча, Санкт-Петербург метросундагы террактка катыштыгы бар деп шектелип кармалган Акрам Азимов Ош шаарындагы атайын клиникадан Кыргызстан атайын кызматынын кызматкерлери тарабынан алып кетилген. Бул тууралуу клиника башкы дарыгеринин катында айтылган.
Россиянын ФСБсы болсо Азимов Москвада кармалганы тууралуу билдирди.
РБК жазышынча, Акрам Азимов 15-апрель күнү Ош шаарындагы клиникадан Кыргызстан УКМК кызматкерлери тарабынан алып кетилген. Бул тууралуу Зина Каримова жана дарылоочу дарыгер Санжарбек Тухташев кол койгон “Хосият”клиникасынын катында баяндалган. Бул каттагы сөздөр Азимовдун атасы Ахрол Азимов тарабынан тастыкталган.
Катта жазылышынча, 13-апрель күнү саат 12:20да Акрам Азимов клиникага келип, дем алуу органдарындагы ооруу тууралуу даттанган. 15-апрель күнү ага операция жасашкан. Кайра дал ушул күнү эле саат 15:35да аны УКМКнын үч кызматкери алып кеткен. Бир нече сааттан кийин ал кайта келген, бирок, кийин кайра дагы алып кетишкен.
“Комитет кызматкерлери бизге удостоверениеден башка документ көрсөтүшкөн жок”, – деп жазылган катта.
Эки күн өткөндөн кийин да Азимовду кайра алып келишпеген соң, анын “история болезни”н жабууга туура келген.
“Анын дарылануу жараяны уланышы керек эле”, – деп белгилешет дарыгерлер.
“Ооба, аны УКМК кызматкерлери алып кетишти, бирок, кайра алып келишпеди. Фамилияларын айтышпады жана дарыгерлер да коркутулду. Алар: “Сенин да камалып кетишиңди каалайсыңбы?” дешти. Кийин анын энеси келди, биз ага болгон окуяны айттык”, – деген РБК кабарчысына “Хосият”клиникасынын дарыгери.
ФСБ Азимов 19-апрель күнү Новая Москва аймагында кармалганын жарыялады. RT телеканалында аны кармоо операциясы көрсөтүлдү.
“Уюштурулган спектакль”
Азимовдун клиникадан алып качылганы тууралуу мурунураак анын туугандарына маалымат беришкен эле.
“Аны клиникадан 15-апрель күнү алып кетишкен, андан кийин спектакль уюштурулган, аны дал ушул күнү Москвага жакын жайдан “колго түшүрүшкөн” – деп, шектүүнүн атасы Ахрол Азимов сот олтурумунан мурун РБКга интервью берген.
Ал РБК кабарчысына уулунун Домодедово аэропортунан S7 авиакомпаниясынын рейси аркылуу 27-март күнү Ошко учуп келгени жөнүндөгү талонду да көрсөткөн. Ал андан кийин Россияга кайра кеткен эмес.
Акрам Азимовдун клиникага жаткырылгандан кийин жоголгону тууралуу “Интерфакс” агенттигине анын иниси Билол Азимов менен энеси Вазира Мирзахмедова да айтып өтүшкөн эле. Аныкталышынча, Азимовдо Москвага баруу үчүн паспорту да, жол кире үчүн акчасы да болбогон.
“Бардык суроолоруңарды Россия Тергөө комитетине жана ФСБга бергиле. Мага бул маселе боюнча кайрылбагыла”, – деген УКМК пресс-катчысы РахатСулайманов.