Кыргызстан Исламга каршы күрөшүү үчүн чет өлкөлөрдөн жардам сурады

250
0

Кыргызстан Исламга каршы күрөшүү үчүн чет өлкөлөрдөн жардам сурады

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргызстан абактарында радикалдашуунун алдын алуу жолдорун талкуулоо үчүн БУУ жана Япониядан өкүлдөрдү чакырды. Башкармалыктын үмүт кылышынча, эл аралык адистер террорчу жана экстремист туткундар менен иштөө системасын бекемдөөдө жардам беришет.

“Кыргызстан диний экстермизм жана терроризмге каршы күрөштөгү иш-аракеттерин күчөтүү менен бирге, экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор менен иштөөнү улантууда”,- деди БУУнун өкүлү Василина Бражко “Караван-сарай” интернет сайтына берген интервьсунда.

“Бишкекте 11-апрель күнү укук коргоо органдары, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, “туткундагы экстремисттерди зомбулук жолунан кайтаруу жана коомго кайрадан калыптануусун жеңилдетүүдө зарыл болгон аракеттерди белгилеп алуу үчүн чогулушту”, – деди Бражко.

Ошол эле күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана БУУнун өкүлдөрү терроризм жана экстремизмдин алдын алуу аракети боюнча планга кол коюшту. Мекемелер аралык жана регионалдык кызматташтыкты күчөтүү о.э. эркинен ажыратылган туткундарды социалдык жактан ылайыкташтыруу боюнча пландарды түзүүгө келишип алышты.

Туркистон: БУУ башчылык кылып келе жаткан эл аралык саясий система АКШ тарабынан башкарылат. АКШ Кыргызстанга карата позициясын өзгөртүп, Путин режиминин ыпылас саясатын тымызын колдоп жаткандай.
Путин Кыргызстан жана Тажикстанды Орто Азия үчүн дарбаза кылып, регионго согуш үрөнүн себе баштады. Афганистанды стратегиялык жактан коркунучтуу аймак кылып көрсөтүүдө. Сирияда согушуп жүргөн мужахиддер Түркия аркылуу кайтып келе жаткандыгын айтып, коркунучту ого бетер күчөтүп жатат. Кырдаалды курчутуп баруу менен бир учурда, Кыргызстан бийлиги менен биргелешип, Россияда бир катар жасалма жардыруу иштерин уюштурду. Эч нерседен кабарсыз уктап жаткан ондогон мусулмандарды бастырып кирип камакка алды. Акрам Азимов аттуу бир жигитти Оштогу оорукандан уурдап алып кетип, 3 күндөн кийин жанында граната менен Москвада атайын операция учурунда “колго түшүрүштү”. БУУ, АКШ жана анын кызматкерлери болгон “укук коргоочулар” бул жасалма операцияларды сындап, бир ооз мамиле билдирип коюшпады!!! Тескерисинче, БУУнун өкүлдөрү Россия уюштурган жасалма операциялардын Кыргызстандагы курмандыгы болгон мусулмандарды абактарда дагы да бекемирээк кармоого жардам бермекчи болууда.
Дүйнөлүк куфр системасы багытын өзгөртүүдө. Ал илгери өз идеологиясын коргоо үчүн бардык адамдардын, ошону менен бир катарда мусулмандардын да эркиндиктерин коргоого аракет кылчу. Башкача айтканда, алардын эркиндиктерин коргоп жаткандай болуп көрүнөт эле. Бирок, акыркы жылдарда дүйнөлүк башкаруу системасынын мусулмандарга мамилеси өзгөрдү. АКШ менен Россия бири-бири менен ашынган душман болуп туруп, Ислам жана мусулмандарга карата биргеликте күрөшүп жатышат. Дүйнөлүк адам укуктары маселесинде, адамдарга карата эки, ал тургай үч стандарттуу мамиле пайда болду. Ислам жана мусулмандарга карата өзүнчө, жазылган же жазылбаган, мамиле пайда болду.
Кыргызстан да абалга ыңгайлашып, өз жарандарына карата мамилесин өзгөртө баштады. Алар ар-намысыбыз болгон аялдарды да камакка ала башташты. Жогорудагы эл аралык ыпылас уюмдардан садака алуу үмүтүндө, абактарда бир нече ыкмаларды ойлоп таап, мусулмандарга карата зулумун күчөтүп жатышат. Бирок, булар чоң саясий оюн кайда бара жатканын түшүнө албай жтышат. Же түшүнгөн абалда атайылап ошол ыпылас уюштуруучулар менен табакташ болуп алышты. Мунусу андан да жаманыраак кыянат болуп эсептелет!
АКШ Россияны тымызын колдоп жаткандай. Россия Сирияны жексен кылып жатканда да АКШ жашыруун өнөктөш жана эл аралык саясаттагы демөөрчүсү болгон эле. Бул өтө чоң коркунуч алып келе жаткан тарыхий жараян болушу мүмкүн. Себеби, Путин учурда, керек болсо шайтан менен да келишим түзүүгө даяр болуп турат. АКШ да Путиндин ушул абалын билип, аны Сириядагы согушка атайылап алып кирди. Эми Сириядан алаксытуу максатында Афганистан аркылуу Орто Азияда башаламандыктарды пайда кылууда ага демөөрчүлүк кылып жибериши мүмкүн. Эгерде ошондой болсо, алар менен кызматташкан азыркы башчыларыбыз тарыхта өтө жаман ат менен калышат. Аллахтан корккула! Куфрдун максаттары жолунда өз боордошторуңарды курмандыкка чалып, куфрду ыраазы кылуу үчүн мусулмандарга зыян жеткирүүнү токтоткула!!! Антпесе, кор болосуңар!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here