Бийликтин муслима аялдарды камакка алуудан башка иши калбады
Кыргызстан бийлиги ушул кезге чейин Ислам жана мусулмандарга каршы жийиркеничтүү күрөшүндө, негизинен мусулман эркектер менен күрөшүп келе жаткан эле. Бирок, расмий бийликтин мусулман эркектерге зулум жана басым өткөрүүлөр натыйжа бербей, боордошторубуз бул жолдо сабырдуулук жана бекемдиктин үлгүсүн көрсөткөн соң, арсыз бийлик мусулман эркектердин ачуусуна тийип, бирер фитна чыгаруу менен – Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүнө – мыйзамдуу түс берүү жолдорун издей баштады. Ошол себептен улам, 2013-жылдан баштап – Исламда сакталышы важиб болгон ар-намыс эсептелүүчү энелерибизди, эже-карындаш жана кыздарыбызды да – ушул күрөшкө аралаштыра баштады.
Бийлик өзүнүн жийиркеничтүү күрөшүндө жаш балалуу энелер, майып аялдар жана турмушка чыга элек жаш кыздарды да аябастан камакка ала баштады. О.э. Кара-Суу шаарында зыяпат максатында чогулган аялдар отурган үйгө милициянын куралданган атайын бөлүгү бастырып кирип, мыйзамга тескери көрүнүштө аялдарды алып кетти. Бийликтин бул иштерине ачууланган мусулман эркектер эртеси күнү өз колдорун байлап, ИИБ имаратынын “камоо керек болсо, биз эркектерди камакка ал, аялдардан колуңду тарт” деп нааразылык акциясын өткөрүштү.
Турмушка чыга элек кызыбыз Зулфия Амановага штраф салынды. 1960-жылы туулган, экинчи тайпадагы майып, беш перзенттин энеси, муслима апабыз Кыпчакбаева Сайракан сегиз жылга эркинен ажыратылды. 1986-жылы Нарын областында туулган, үй-бүлөлүү, эки жаш перзенттин энеси, муслима карындашыбыз Орозбекова Гулзина үч жылга шарттуу түрдө кесилди. 22 жаштагы кызыбыз Бурулай Рахманжан кызы колунда үч айлык перзенти менен убактылуу кармоочу жайдын абагына ташталды…
Ооба, Кыргызстан бийлиги Ислам дини жана анын баалуулуктарына каршы алып барып жаткан күрөшүндө назик аялзатын да азаттыктан ажыратууда уялбай койду. Быйыл 15-февралда, 1964-жылы туулган Орунбаева Данахан апабыздын үйүнө күч органдары тинтүү өткөрүп, ага каршы кылмыш ишин козгошту да, 28-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында үйүнөн алып чыгып кетип, Кара-Суу шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу абакканасына таштады. Мындан тышкары, 1960-жылы туулган Исмаилова Адинахан апабыздын үйүндө да 15-февраль күнү тинтүү жүргүзүлдү. Күч орган кызматкерлери үйдөн табылган бир нече китептер шылтоосу менен кылмыш ишин козгошту да, 25-апрель күнү жашап турган жайынан алып чыгып кетишти жана тергөөчү Улукбек Жусупов талабы менен 48 саатка камакка алынды. Кийинки болуп өткөн сот Исмаилова Адинахандын эки айга камакка алынышы тууралуу өкүм чыгарды. Сот ишинде судья – Адинахан апабыздын эки жолу инсульт болгонун, анын жолдошу Исмаилов Мамуржан Муминжанович залимдердин камакканаларында шахид болгонун жана эки перзенти кароосуз калып жатканын – эсепке албады.
Исмаилова Адинахан апабыз 2012-жылы 2-апрель күнү Кыргызстан ЖКнын 299-статьясы менен айыпталып сот жообуна тартылган эле. 2015-жылы 13-августта, ошол 3 жылдык шарттуу жаза мөөнөтү аяктаган болчу. Мына эми дагы кайрадан камакка алынып олтурат. Бул жолку кармоодо тергөөчү Жусупов Улукбек Адинахан ападан акча талап кылган. Апабыз ага пара берүүдөн баш тартканы үчүн, Улукбек ага атайын душмандык кылып, анын эки айга камакка алынышына себепкер болду.
Негизи, расмий бийлик өзү алып барып жаткан туруксуз саясаты артынан Кыргызстан калкын мына ушундай паракор, ачкөз, өз нафсинен башка нерсени ойлобой турган судья, прокурор жана тергөөчүлөр колуна тапшырып койду. Бу тергөөчү жана судьялар акча берген ашынган кылмышкер жана паракорлорду эркиндикке коё берип, пара берүүдөн баш тарткан кайраттуу мусулмандарды жана назик муслималарды камакка ташташууда. Өз кылмыштары жазасыз калышын анык билген тигил паракор тергөөчү жана прокурорлор – кызмат орундарынан байлык арттыруу жолунда кыянаттык менен пайдаланып – Үммөт үстүндөгү зулмдарды күндөн-күнгө күчөтүп барууда.
Кыргызстан бийлиги муслима энелерибизди, эже-карындаш жана кыздарыбызды ушул сыяктуу ыфлас тергөөчү жана судьяларга тапшырып, аларга паракордук үчүн жол ачып берип, калкты тоноо менен байлык топтоолоруна мүмкүнчүлүк берип келүүдө. Күч органдары мыйзам бузгандыгы боюнча жазылган жана жазылып жаткан даттанууларга кайдыгер карап, бул аркылуу күч органдары чектен чыгышына жана карапайым калкка карата кылган кылмыштарын улантышына кеңири мүмкүнчүлүк жаратып берүүдө. Бүгүнкү күндө бийлик таянган бирден-бир таяныч күч органдары болгондуктан, бийлик алар кылып жаткан зулм жана адилетсиздиктерди көрүп-билип турса да, бирок, эч нерсе бобогондой көрмөксөн-билмексен болууда.
Эй, Кыргызстан мусулмандары!
Биз расмий бийликтин күч органдарына сүйөнгөн абалда алып барып жаткан зулм жана адилетсиздиктерине, Ислам шариатында сакталышы важиб ар-намыс деп эсептелген энелерибиз, эже-карындаш жана кыздарыбыздын тагдырларына, “мага, менин үй-бүлөмө тийбесе болду да” деп кайдыгер карай турган болсок, эч қанча убакыт өтпөй туруп бул бийлик аялдарыбыздын жоолук жана хижабдарына каршы күрөштү баштайт. Мындай нерсе болбошу үчүн биз азыртан бийлик кылып жаткан адилетсиздиктердин, күч органдары тарабынан болуп жаткан мыйзам бузуулардын алдын алууга аракет кылмагыбыз зарыл, алар да мусулман деген этибарда жкшылыкка буйруп, жамандактан кайтарышыбыз шарт. Антпесек, эртең кеч болуп калат.
Росулуллох соллаллоху алайхи ва саллам айтты:“Cилердин кайсы бириңер бирер мункар ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн, эгер колу менен өзгөртүүгө кудуреттүү болбосо, тили менен өзгөртсүн, эгер ага да кудуреттүү болбосо, дили менен инкар кылсын. Бул болсо ыймандын эң алсызы болот”.
Абдурахман Адилов Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы матбуат бөлүмүнүн аъзо-мүчөсү