АКШ коргоо министри Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага сапарын баштады

290
0

АКШ коргоо министри Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага сапарын баштады

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис кызматка киришкенден бери Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага алгачкы сапарын баштады. Мэттис 18-апрелден 23-апрелге чейин Саудия, Израиль, Катар, Мисир жана Жибути өлкөлөрүн айланып чыгат. АКШ расмийлеринин билдиришинче, Мэттистин милдети ИШИМге (ИГИШ) каршы күрөш жана Трамптын Сирияга тиешелүү саясатын аларга жеткирүү. Мэттис бул сапарын Саудиядан баштады.
Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз Пентагон башчысын Эр-Рияддагы Ямама сарайында кабыл алды. Саудиянын расмий “SPA” маалымат агенттиги билдиришинче, жолугушуу учурунда негизинен коргоо тармагын күчөтүү жана эки өлкө ортосундагы стратегиялык достук алакаларды дагы да бекемдөөдө аймактык жана эл аралык өзгөрүүлөр жаатындагы маселелер талкууланган.
Эр-Рияд шаарында уюштурулган маалымат жыйынында Жеймс Мэттис Саудиянын регион жана АКШ кызыкчылыктары үчүн коопсуздук устуну болууну улантып жаткандыгын билдирди.
Адистердин билдиришинче, АКШнын союздаштары АКШ президенти Дональд Трамптан Сирия саясаты боюнча көптөгөн суроолорго жооп күтүүдө. Алар ИШИМден тазаланган жерлер этникалык же мазхабдар аралык жаңжалдарга сахна болбостугу үчүн, же болбосо ал жерлердеги “экстремисттик” уюмдардын кайра жандануусунун алдын алуу үчүн Вашингтон кандай стратегияларды иштеп чыккандыгы жөнүндө билүүнү каалашат. Бирок, АКШ ИШИМди жок кылгандан кийин кандай жол карманышын жана Саудия сыяктуу союздаштарына кандай рол тапшырышын билдире элек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here