Жардамдын ордуна камак

412
0

Жардамдын ордуна камак

16-январ күнү жүз берген авиакырсык себептүү Дача-Суу айылында 35 адам каза болуп, 20дан ашуун үй-жай талкаланган эле. Ал кырсыктан кийин ӨКМ атайын эсеп ачкан. Бул ишке кайдыгер карабаган кыргызстандыктардын кайрымдуулугу себептүү, атайын эсепке кыска убакыттын ичинде 100 миллион сомдон ашуун каражат топтолду. Мындан тышкары, кийим-кече, азык-түлүк жана башка буюмдар чогулду.

 Өкүнүчтүүсү, Дача-Суу тургундарынын карапайым адамдар түшүнүп жеткен кайгысын расмий бийлик түшүнбөй жатат. Авиакырсыктан кийин ал жерде жашоодон коркуп калган айыл тургундары аларды көчүрүүгө жер бөлүп берүү жана атайын эсепке келип түшкөн каражатты бөлүштүрүп берүү талабы менен бир нече жолу тынчтык митингин өткөрүштү. Расмий бийлик алардын дартына кулак салуунун ордуна, айыл калкын коркутуп, аларды өздөрүнүн акы-укуктарын талап кылбастыкка мажбурламакчы болууда.

“Zanoza” сайтынын кабарына таянсак, мындан үч күн мурда бейтааныш машиналарда келген адамдар тынчтык митингинин уюштуруучусу болгон эки адамды кармап кетишкен. Кармалган эки адам өткөрүлгөн митингде сөзгө чыккан жана айылдын башка тургундарына акы-укуктарын коргоодо жардам берип келишкен.  17-апрелде болсо, дагы бирөөнү т.а. мектеп автобусунун айдоочусун айлып кетишкен.

 18-апрель күнү эртең менен эки машинада келген бейтааныш адамдар дагы эки активистти алып кетмекчи болушкан. Бирок, айыл тургундары аларды коргоп, алып кетүүгө жол беришпеген. Мындан тышкары, журналисттерди да чакырышкан. Журналисттерди көргөн бейтааныш адамдар шашылыш түрдө машинага отуруп жөнөп кетишкен.

“Машиналардын мамлекеттик номери жок эле. Кара “Лексус” биздин көчөлөрдө биринчи жолу пайда болуп жаткан жок. Камакка алуунун себебин жана кайда алып бара жатканын да айтышпады”,- деди окуянын күбөсү Адыл Кадырбеков.

 Айыл тургундарынын айтымында, мамлекеттик номери болбогон машинадагылар үйлөргө кирип, адамдарды коркутуу менен алардан митингге чыкпастыкты талап кылышууда.

 Камакка алынган айыл башчысынын жубайы Ажар: “Менин жолдошумдан – адамдар эч нерсе талап кылбасын үчүн – аларды тынчтандырууну талап кылышты”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here