Назарбаев сакал жана хижабга тыюу салууга чакырды

344
0

Назарбаев сакал жана хижабга тыюу салууга чакырды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 19-апрелде Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгынын лидерлери менен жолукту.
Астанада өткөн иш-чарада Назарбаев айрым казак жарандарынын сакал коюп, кыска шым кийип жүргөнү казак салтына жат экендигин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштады.
“Караңгылыктын айынан биздин жаштар сакал өстүрүп, шымдарын кыскартып алууда. Толугу менен карага чүмкөнүп алган казак кыздары көбөйдү. Бул биздин салтыбызга да, элибизге да жат көрүнүш. Буга мыйзам чегинде тыюу салуунун жолун караштыруу керек. Казактар аза күткөндө гана кара кийген”, – деди Назарбаев.
О.э. керек болсо, өкмөт диний башкармалыкты колдоп, миңдеген имамдардын кесиптик деңгээлин көтөргөнгө жардам берерин кошумчалады.
Президенттик аппараттын кабарына таянсак, Назарбаев диний лидерлер менен жолугушууда мамлекет үчүн салттуу мазхаб – Ханафий мазхабы экендигин баса белгилеген.
Туркистон: Борбор Азия өлкөлөрүнүн диктатор президенттери АКШ байрак кылып берген терроризмге каршы күрөш шылтоосунда нукура Ислам динине жана калыс мусулмандарга каршы күрөшүүдө. Өзбекстан канкору Каримов да 1999-жылы 16-февраль окуясын уюштургандан кийин Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баштаган эле. Ал да терроризмге каршы күрөшүү шылтоосунда коомдогу исламий көрүнүш жана баалуулуктарды жок кылды. Эркектердин сакалына, ак топусуна жана аялдардын хижабына каршы күрөшө баштады. Мектеп окуучулары менен колледж студенттеринин мечиттерге баруусуна жана диний билим алуусуна тыюу салды.
Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон болсо терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда, ал тургай, жаңы төрөлгөн балдарга исламий ат коюуга тыюу салды.
Эми Казакстан президенти да терроризмге каршы күрөш урааны Исламда фарз жана важиб болгон баалуулуктарга каршы күрөшүн күчөткөнү турат. Бул тогут акимдер Ислам динине каршы күрөшүп жатып, Ханафий мазхабын кармануу керектигин айтышат. Негизи, Ахли сунна вал жамаанын төрт мазхабында тең сакалды кырып алуу – АРАМ. Сакалды бир тутамга чейин (7.7 см) өстүрүү сүннөт, андан ашканын кыскартуу мустахаб.
Маркум шайх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф – Аллах ал кишини рахматына алсын – сакал жөнүндө берилген суроого: “Ханафий мазхабы боюнча важиб. Сакалды иретке келтирип, моюн жана жүздөгү түктөрдү алууга болот. О.э. чач алуучу машинкада сакалды кыска кылып алуу ихтилафтуу маселе. Үзүр боло турган абал же кесип жок”, – деп жооп берген.
Ибн Умар розияллоху анхудан риваят кылынат: “Набий с.а.в.: “Мушриктерге окшошпогула т.а. сакалды толук коюп, мурутуңарды кырып тургула”, – деген. О.э. Ибн Умар розияллоху анху ажылыкка барса же умра кылса сакалын тутамдап туруп, андан ашканын кыркып коёт эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here