Кыргызстан жана Тажикстандын асманын Россия өз көзөмөлүнө алат

308
0

Кыргызстан жана Тажикстандын асманын Россия өз көзөмөлүнө алат

Россия, Кыргызстан жана Тажикстанбирдиктүү абадан коргонуу түзүмүн түзүү жаатында келишим иштеп чыгышты.

“РИА Новости” кабарлашынча, бултууралууБашкы штаб башчы – ВКСтин башкы командачысынын биринчи орунбасарыПавел Кураченко КМШ коргоо министрлери кеңеши алдындагыАбадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитеттин отурумунда билдирген.

Анын айтымында, азыр документтер ведомстволор ичиндеги процедуралардан өтүп жатат.

Кураченко белгилегендей, мындай келишим Армения, Белоруссияжана Казакстанмамлекеттери менен да түзүлгөн.

Мындан мурун ВКС башкы командачысы Виктор Бондарев – регионалдык принципте абадан коргонуу системасын интеграциялоо аскерийлер үчүн приоритеттүү иш – деп белгилеп өткөн эле.Бул план Чыгыш Европа, Кавказ жана Орто Азия региондорунда бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүүнү көздө тутат.

Туркистон: 

Путин Сирияда Асад режими менен да ушуга окшогон келишим түзгөн эле. Ал келишим Россиянынкоопсуздугу жана кызыкчылыгы үчүн эч кандай пайда бербеди. Путин режими Россия кызыкчылыктарынан кыянатчылык менен пайдаланып, аны ар тараптан кризис абалына кептеди.

Экономикалык абалы:  Россия оор өнөржайынан дээрлик ажырап бүттү. Ал нефтьжана газ сырьёлорун сатуу мененоокат өткөрө турган дүйнөлүк сырьёбазасына айланды. Мындай көрүнүшүчүнчү дүйнө мамлекеттерининэкономикалык системасыболуп саналат жана алдүйнөлүк экономиканын калдыктары менен азыктанууга мажбур болгонартта калуучу экономикалык шарттарга алып барат. Т.а.жеңил өнөржайдын негизи болгоноор өнөржай иштен чыкса, мамлекеттинөндүрүш тармагы изинен чыгат. Ал  чет эл товарларыүчүн импорт базарына айланат. Россия ушундай абалга түшүп калды. Мунун баарына Путиндин Россия байлыктарын улутташтыруу наамы мененмамлекеттик көзөмөл астына алуу саясаты себеп болду.Жеке менчик мүлк улутташтырылышы менен,ал талап-тонолуп, дүйнөлүк өнүгүү менен бирге жүрө албай калды. Натыйжада, “олигархтар” аталган, мамлекеттик кызматкерлерден турган монополистууружана миллиардер байлар пайда болду. Алар Путин жанаанын режимининөкүлдөрү болуп чыкты.

Саясий абалы: Акыркы кездерде Россия калкы мамлекет жетекчилеринин кыянаттарынанкабардар болуп, аларга каршы нааразылык акцияларына чыга башташты.Путин келе жаткан коркунучту артка сүрүш максатында АКШ менен келишип, Россия кызыкчылыктарына тескери келген келишимдер менен Сирияга аскерий жактан кирди. Бир нече шаарларды жексен кылып, тынч калкты кырды. АКШ Россияны кызмат кылдырып бүткөн соң, аны картаң дөбөт сыяктуу кызматынан бошотту. Буга кошумча түрдө, азыр АКШ башында турган Батыш Россияга каршы санкцияларын кайрадан күчөтүп барууда жана Россиянын ички саясатындаБатыштын маалыматтык чабуулу күчөп кетти. Путиндин башы катып калды. Ал дагы кайрадан мурунку ыкмасына кайтып, Петербург шаарында өз жарандарын жардырды. Метродоөлгөндөргөкөңүл айтуу үчүн барганында, айланадан “Путин адам өлтүргүч” деген үндөр угулуп турду. Негизи, Питер Путин туулуп-өскөнжана ал үчүн эң ишенимдүү эсептелген шаар эле. Ушундай болушуна карабастан, Путин үчүн жардыруу жана согуш чыгаруу сыяктуу иштер зарыл иштерден болуп калууда. Ал Орто Азиядан башка аймактарда таасир күчү калбаганын билген абалда, орус улутчулдарынын туйгусуна тийип, Орто Азия мигранттарына каршы күрөш майданын ачып берүүдө.Эми мунун артынан,орус калкын бир аз тынчтандырып алганга чейин,Орто Азия жетекчилерине басым жасап, жасалма согуш абалын жанажасалма исламий коркунучыкмасынОрто Азияда улантмакчы болууда. Буга Афганистандан келе жатканжасалма коркунучтарды шылтоо кылып алууну көздөп жатат. Россия “душман бизге кирип келгенге чейин, аны өз ийининде жок кылуу абзел” деген жалган ураан менен, ал тургай Орто Азияда согуш уюштуруп болсо да,өз калкын саясий жүрүштөрдөн алаксытууну максат кылууда. Путин өзүн жана режимин сактап калууну өмүр-өлүм маселеси кылып алды, эмиуушулмаксаты жолунда эч нерседен тайбайт. Керек болсо, Орто Азияда Сириядагыдай кырдаал жана кыргындарды жаратуудан да кайра тартпайт!

Кыргызстан жана Тажикстан чегараларын өз көзөмөлүнө алып, ал тараптан жасалма аскерий коркунучтарды пайда кылат. Аларды апырта көрсөтүү менен,  ички саясатыбызда Исламгажана мусулмандарга каршыжек көрүү козгоп,кысымдарды күчөтмөкчү болот. Мындай жасалма коркунучтарды Россия коопсуздугуна да байланыштуу кылып көрсөтүш үчүн, эмгек мигранттарынан пайдаланмакчы болуп жатат. Сирия шылтоосу аркылуу Путин өз калкынын каарынан бир нечежылга кутула алды, эми Орто Азия маселесин жаратуу аркылуу канча жылдык алаксытууну көздөдү болду экен?! 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here