Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды
“Турмуш” сайты кабар беришинче, президент Алмазбек Атамбаев 10-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралуу маалымат берилди.
Темир Жумакадыров ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеӊеш катчыларынын 12-жолугушуусунун, анын ичинде Кыргызстандын региондук коопсуздук камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги өнөктөрү саналган өлкөлөрдүн делегация башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралу айтып берди. Анын айтымында, терроризмге жана диний экстремизмге каршы туруу үчүн көп жана эки тараптуу форматта кызматташтыкты андан ары күчөтүүнүн мааниси баса белгиленди.
Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин жандантуу зарылдыгын, андан тышкары азыркы коркунучтар менен сыноолорго каршы туруу боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн негизги чет жердик өнөктөр менен өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтүүнүн маанисин белгиледи.
Туркистон:
2009-жылы Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруу режими ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин башчысы Адахан Мадумаровдун колу менен “Ноокат окуясын” ишке ашырган эле. Ошол окуяда 32 адам сот жообуна тартылып, акыйкатсыздык менен көптөгөн жылдарга камакка алынган. Алардын арасында кошбойлуу аялдар да болгон. Ошол кезде оппозицияда болгон Атамбаев: “Адамды ла илаха иллаллах дегени үчүн да камакка алабы!” – ддеген билдирүү берген. Тарых дагы кайталанып жаткандай!
Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысынан Путиндин көрсөтмөлөрү тууралуу сурап жатат. Себеби, Кыргызстандагы кырдаал ички элита менен мамлекет башчылары кеңешип чечип ала турган абалда эмес. Мындай көрүнүшкө 7-апрелдеги майрам жана эскерүү ырасымдарында күбө болдук. Бирок, саясий кырдаал 2008-жылдагы Бакиевдердин абалын эске түшүрүүдө. Демек, дагы кайрадан “ла илаха иллаллах” деген мусулмандар керек болуп калды. Же ошол мусулмандардын атынан бирер коркунучтуу операция уюштурулушу зарыл. Бишкектеги балдар аянтынан жасалма граната табылышы, Караколдогу мектептег жардыруучу зат салынган сумка табылышы сыяктуу иштердин бардыгы Коопсуздук комитети пландап жаткан бирер операцияга чөйрө жаратуучу иштер болуп эсептелет.
Эске сала кетсек, Ислам жана мусулмандарга каршы мындай багыттагы аракеттер Акаевге да, Бакиевге да жардам бере алган эмес. Тескерисинче, мазлум мусулмандардын дуалары жетип, Аллахтын наалаты аларды кор кылды! Ислам жана мусулмандар тарабынан мамлекетке жана жарандарга эч кандай коркунуч жок. Аларды жаман атты кылууну токтоткула. Мусулмандардын атынан адамдарды жардырып жибер деген кеңештиреди четке каккыла! Антпесеңер, кор болосуңар!!!