Путин: АКШнын чабуулу агрессиялык аракет

387
0

Путин: АКШнын чабуулу агрессиялык аракет

 Бишкек убактысы боюнча 7-апрель таңкы 6:40тарда АКШ президенти Доналд Трамптын көрсөтмөсү боюнча 59 канаттуу “Томагавк” ракеталары  Жер Ортолук деңизиндеги кемелерден туруп Сириянын Хомс провинциясындагы Шэйрат аскер-аба базасына карай атылды. Трамп бул шейшембиде Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп билдирди.

 “Россия 24” телеканалынын кабар беришинче, АКШ армиясынын Сириядагы авиабазага кылган чабуулдарынан улам 7 киши каза болгон жана 7 киши жаракат алган.

 “Хомс вилаятында курман болгондордун саны туурасында акыркы маалыматтар берилди. Вилаят губернаторунун айтышынча, 7 аскерий о.э. жай тургундардан экөө каза болгон. Дагы 7 киши оор жаракат алган”,- деп келет кабарда.

 АКШ тарабынан ишке ашырылган ракета чабуулдарынан кийин Россия президенти Владимир Путин Россия коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен шашылыш жыйын өткөрдү. Бул туурасында президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков маалымдады.

 Анын айтышынча, “Вашингтондун аракеттери эл аралык укукка тескери келе турган агрессия акты” сыпатында бааланган.

 “Жыйында бул окуяга абдан кабатырлануу билдирилип, мындай агрессиялык аракеттин кийинки акыбеттеринен качып болбостугу айтылды”,- деген Песков.

 Мындан тышкары, бул чабуул АКШ жана Россия мамилелелрине катуу зыян келтиргени айтылган.

 Жыйында премьер министр Дмитрий Медведев, Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин, президенттик аппараттын башчысы Антон Вайно, Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушев, Коргоо министри Сергей Шойгу, ИИМ башчысы Владимир Колокольцев, ФКК директору Александр Бортников, Россия тышкы разведка кызматынын директору Сергей Нарышкин о.э. президенттин алдындагы табиятты коргоо, экология жана транспорт маселелери боюнча атайын өкүлү Сергей Ивановдор катышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here