Санкт-Петербургда Борбор Азиялык мигранттар кармалды
Санкт-Петербургда 14 адамдын өмүрүн алган теракттан кийин Борбор Азиялык мигранттарга каршы “аңчылык” башталды.
Федералдык тергөө комитетинин билдиришинче “Орто Азия республикаларынан Россияга жумуш издеп келген” 6 адам кармалган.
Кармалгандар жарандар “Жабхат ан-Нусра” жана “Ислам мамлекети” сыяктуу Россияда тыюу салынган уюмдарга азгырган жана террордук аракеттерге үндөгөн деп шектелүүдө.
Федералдык тергөө комитетинин Санкт-Петербург боюнча башкармалыгы кармалгандарга карата РФ кылмыш кодексинин 1 бөлүк, 205.1 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кабарда келишинче, тинтүү учурунда “экстремисттик адабияттар жана далил заттар” табылып, тергөө үчүн конфискация кылынган.
Кармалган адамдардын Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган адам менен байланышы бар экендиги азырынча аныктала элек. Бул маселе тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.
Туркистон:
Путин дагы кайрадан жарандарын чалгытуу максатында “терроризм” оюнун баштады. 1999-жылы ушундай ыкма аркылуу жүздөгөн жарандарын курмандыкка чалуу менен президенттикке келген эле. Анда бардык террордук иштерде чечен улутундагы жарандар айыптуу болуп чыгат эле. Мунусунда маалымат каражаттары жана орган кызматкерлери Орто Азия жана Дагестандын жарандарына каршы багытталды. Бул эмнени түшүндүрөт?
Кезектеги согуш аталган өлкөлөрдө күтүлүп жаткан болушу мүмкүн. Тарыхка кайрылсак, Чеченстандагы согуш дал ушундай мухит даярдап алгандан кийин башталган эле.
Путин, бурчка такалып калган келемиштей абалга түшүп барууда. Аны мамлекетинин кызыкчылыктары, коопсуздугу жана жыргалчылыкка умтулуусу эми кызыктырбайт. Путин – дүйнө жүзү жана бүтүндөй орус калкы билип турушуна карабастан – жардыруулар аркылуу өз калкын коркууда кармап туруу аракетин уланта берет. Себеби, анын башка жолу калбады. Путин согуш издей баштады. Ал эми, бул согуш мамлекеттин ичиндеги улутчулдукка негизделген жарандык согуш болушу мүмкүн. Же болбосо, Украина, Азербайжан жана Орто Азия мамлекеттерине каратылган тышкы согуш болушу мүмкүн. Антпесе, Путиндин режимине каршы тышкы күчтөр маалыматтык согуш менен кирип, мазлум орус калкын бутка тургузуп жибергени турат. Россия бийлигинин жарандарды азыркы начар абалынан алып чыгып кетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, аларды согуш же жардыруу аркылуу ар дайым коркунучта кармап туруучу абалды пайда кылууга аракеттене берет.