Сирияда химиялык куралдын колдонулушу бүт дүйнөнү силкинтти

283
0

Сирияда химиялык куралдын колдонулушу бүт дүйнөнү силкинтти

Сириянын Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарына уюштурулган химиялык чабуул бүт дүйнөнү силкинтти. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүздөгөн адамдардын, ошону менен бир катарда жаш балдар жана аялдардын өлүмүнө себепкер болгон химиялык чабуулда нерв системасын шал кылуучу зарин газ колдонулгандыгын билдирди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришинче, бул чабуул 2013-жылы Сириянын Гута шаарында ишке ашырылган химиялык чабуулдан кийинки эң чоң чабуул болуп эсептелет.

АКШ президенти Дональд Трамп аталган окуя тууралуу билдирүүсүндө, Сирия бийлигин кызыл сызыктан өтүп кеткендикте айыптады. Чабуулдун аянычтуу экендигин айтып өткөн Трамп, Сирия президенти Башар Асадга карата мамилеси өзгөргөндүгүн билдирди.

“Асад режиминин адамзатка каршы бул жийиркеничтүү аракеттерине көз жумуп коюу мүмкүн эмес. Мен Сириядагы химиялык чабуулдарга каршы аракеттенүү боюнча жоопкермин. Бул иштер менен келишүүгө болбойт. Менин Сирияга жана Асадга карата мамилем өзгөрдү. Бул мен үчүн бир нече кызыл сызыктан өтүп кетүү болуп эсептелет”, – деди Трамп.

А бирок, АКШ президенти бул чабуулдардын натыйжалары Сирия режимине карата кандай болушу жөнүндө маалымат бербеди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши да Хан-Шейхун шаарына уюштурулган химиялык чабуулду талкуулоо үчүн шашылыш түрдө Нью-Йоркто чогулду. Жыйында Британия, Франция жана АКШ тарабынан даярдалган резолюция болбоору талкууланды. А бирок, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин химиялык чабуул боюнча өткөн жыйыны натыйжасыз аяктады. Себеби, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү бири-бирин айыптоосу себептүү, чабуулду катуу каралоо жана тезинен айкындык киргизүү талап кылынган резолюция долбоорун добушка коюу мүмкүн болбоду.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны натыйжасыз аяктагандан кийин, АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли АКШ Сирияда өзү жалгыз аракет кылышы мүмкүн экендигин билдирди.

Никки Хейли: “Эгерде БУУ биргеликте аракет кылуу милдетин аткарууда ийгиликсиздикке учурай берсе, өзүбүздүн иш-чараларды көрүүгө мажбур болобуз”, – деди. А бирок, бул иш-чаралар эмнелер экендигин ачыктабады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here