Трамп Кытайды коркутту

283
0

Трамп Кытайды коркутту

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын ядролук программасы тууралуу сөз кылып, бул жаатта Кытайды коркутту. Трамптын айтымында, эгерде Кытай бийлиги Түндүк Корея ядролук коркунучун жөнгө салбаса, АКШнын өзү бул проблеманы чечет.

“Кытай Түндүк Корея маселесин чечпесе, биз чечебиз”, “Кытайдын Түндүк Кореяга үлкөн таасири бар. Кытай бул жаатта, же бизге жардам берет, же жардам бербейт. Эгерде жардам берсе, бул нерсе Кытайдын өзүнө жакшы болот. Эгерде жардам бербесе, эч кимге жакшы болбойт”, – деди Трамп.

Өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Кытайга сапар кылып, Кытай бийлигинен Түндүк Кореядан келиши мүмкүн болгон коркунучтарды азайтуу үчүн кадам таштоону талап кылган эле.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да АВС телекомпаниясына берген интервьюсунда Кытайдын “тынчсызданып жатабыз” деген шылтоосун кабыл албастыгын билдирди.

“Эмне себептен тынчсызданып жаткандыгын бизге далилдеп бериши керек. Түндүк Кореяны токтото алуучу жападан-жалгыз мамлекет Кытай. О.э. алар да муну билишет”, – деди Хейли.

АКШ президенти Дональд Трамптын ушул аптада Кытай президенти Си Цзиньпин менен жолугушары күтүлүүдө. Никки Хейлинин билдиришинче, Дональд Трамп менен Си Цзиньпин отосунда боло турган жолугушууда ядролук куралды жайылтпастык жана Түндүк Корея маселелери талкууланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here