АКШ: Асад эгемендүү мамлекеттин башчысы экендигин кабыл алгыла
Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер күнүмдүк маалымат жыйынында, АКШнын Сирия президенти Башар Асад туурасындагы саясаты тууралуу билдирди. Спайсердин айтымында, Асаддын мыйзамдуу президент экендигин моюнга алуудан башка чара жок.
Ак үйдүн маалымат катчысы: “Сириядагы саясий акыйкатты т.а. Башар Асаддын суверендүү мамлекеттин башчысы экендигин кабыл алууга мажбурбуз”, – деди.
О.э. Асадды кулатуу АКШнын негизги маселелери түркүмүнө кирбестигин билдирди. Спайсердин айтымында, Асадды кулатуунун ордуна региондон “террорчуларды” кууп чыгарууга жана Сириядагы (Асадга каршы) согуштарды токтотууга көңүл буруу керек.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да Ак үйдүн жаңы админстрациясы, мурункусунан айырмалуу түрдө, Асадды бийликтен кулатууга көңүл бурбастыгын билдирди.
Никки Хейли БУУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдиргендей, АКШнын назарында Сирия президенти Башар Асад болгону тынчтыкка гана тоскоол болууда. Ошондуктан, эми Дональд Трамптын саясаты Асадды кулатуунун ордуна узак мөөнөттүү саясий чечим табууга жана бул тармакта Түркия сыяктуу регион мамлекеттери менен кызматташууга каратылат.
“Башар Асадды кулатуу эми Америка саясатынын негизги милдети эмес. Мурунку админстрация сыяктуу негизги көңүлдү Асадга каратпайбыз. Негизги маселе Сирия калкынын жашоосун өзгөртүү үчүн эмнелерди кылышыбыз керектигин жана кимдер менен алака орнотуу керектигин түшүнүп жетүү”,- деди Хейли.
Бирок, Женевадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө катышууну кабыл алган – аталышы эле Сирия оппозициясы болгон – өкүлдөр Асадды бийликтен четтетүү жаатында чечими олуттуу экендигин дагы бир жолу баса белгилешти. Сирия сүйлөшүүлөрү боюнча жогорку комитеттин маалымат катчысы Салим Муслат: “Бийликте Башар Асадга бирер рол берилишин эч качан кабыл албайбыз. Бул чечимден эч качан баш тартпайбыз”, – деди.
А бирок, бир гана адам алмашып, режим болсо ордунда калышы эч нерсени чечпестиги тууралуу сөз кылбады.