АКШ Мамлекеттик катчысы Түркияда
АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон расмий сапар менен Түркияга келди. Иракта жана Сирияда жырткычтык кыргындарды ишке ашырган колонизатор АКШнын мамлекеттик катчысы алгач Түркиянын премьер-министри Бенали Йылдырым менен жолугушту. Жабык эшиктер артында өткөн расмий жолугушуу 40 мүнөткө созулду. Андан соң, аны Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган президенттик сарайда кабыл алды. Министрлик тарабынан берилген билдирүүдө келгендей, маек учурунда Ирак, Сирия, ИШИМ (ИГИШ) жана Гүлен маселелери талкууланган.
Билдирүүдө: “Жолугушууда Ирак жана Сирияны ИШИМден тазалоо үчүн жүрүп жаткан аракеттер жана Фетхулла Гүленди өлкөгө кайтаруу маселелери талкууланды. О.э. аймактык маселелерде эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү тууралуу да сөз болду. АКШ бийлиги алмашкандан бери биздин мамлекетке алгачкы жолу ишке ашырылып жаткан сапарда эки союздаш мамлекет ортосундагы тыгыз алакалар мындан кийин да уланышы тууралуу келишип алынды”, – деп айтылат.
Дональд Трамп 20-январда президенттик кызматка киришкен учурда Түркия бийлиги АКШнын YGP жана PYD сыяктуу уюмдарга жардам берүүнү токтотушунан жана Гүленди Түркияга кайтарып беришинен үмүттөнгөн эле. А бирок андан бери эки айдан ашуун убакыт өткөндүгүнө карабастан, Вашингтон бул жаатта бир да кадам таштабады. Т.а. Трамп бул жаатта Обаманын саясатын улантып келүүдө. Ошондой болушуна карабастан, Анкаранын Вашингтон менен кызматташтыгы баш тартуу мүмкүн болбогон маанилүү саясат бойдон калууда.
Ошол эле учурда АКШ мамлекеттик катчысынын сапарынын алдында терроризмге каршы күрөш шылтоосу менен мусулмандардын үйлөрүнө баскынчылык уюштурулду. Түркиянын Адана провинциясында 500 полициячы 19 даректи басып, ИШИМ жана Жабхатун Нусра уюмдарынын мүчөлөрү деген шек менен 21 адамды кармады. Күбөлөрдүн билдиришинче, мусулмандарды кармоодо полициячылар кудум Россия полициясынын аракеттерине окшогон иштерди кылышкан. Эгерде Түркия бийлиги террорчулукка каршы күрөшүү деген нерсени чындап эле айтып жаткан болсо, анда ал АКШ, Россия жана Британияга каршы күрөшүүсү керек эле. Себеби, аталган мамлекеттер көптөгөн жылдардан бери Ирак, Афганистан, Сирия жана Чеченстан сыяктуу өлкөлөрдө көптөгөн террордук иштерди кылышууда.