Садыр Жапаров камакка алынды
Көптөн бери чет өлкөдө жүрүп, Кыргызстанга кайтып келе жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чегарасында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.
УКМКнын билдиришинче, ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 227,341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК тараткан кабарда: “ 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митинг учурунда нааразылык акциясынын катышуучулары облустук мамлекеттик админстрациясынын имаратынын алдында токтоп турган “Фольксваген Венто”үлгүсүндөгү автоунаага мурунку Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди күч менен салып, барымтага алышкан.Тергөө учурундагы күбөлөрдүн айтымында, С. Жапаров аталган митингди уюштуруп, телефон аркылуу Э. Каптагаевди бошотпой, мурдагы макулдашылган планды ишке ашырмайынча кармап турууну буйрук кылган”, – деп айтылат.
Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны бошотууну талап кылып, УКМКнын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Кабарларга таянсак, нааразылык акциясына 600гө жакын адам катышкан.
Акция учурунда митингчилер менен милиция ортосунда тирешүү болгон. Милиция тарабынан митингчилерди таратуу үчүн газ колдонулуп, асманга карата ок атылган.
ИИМдин маалыматына таянсак, митингчилерден 68 адам кармалып, Биринчи Май РИИБине жеткирилишкен.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов: “Кармалгандарга карата “бейбаштык”, “милиция кызматкерлерине кол көтөрүү”, “мүлккө чыгым келтирүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду, Алардын баш коргоо чарасы тергөөдөн кийин аныкталат” – деди.
Туркистон:
Кыргызстандагы саясий абал дагы кайрадан курчуп барууда. Учурдагы системанын саясий лидерлери ортосундагы бул карама-каршылыктар, буга чейинки эки төңкөрүштөн айырмаланбайт. Себеби, мурунку козголоңдор да, эми күтүлүп жатканы да, системаны өзгөртүүгө каратылган эмес. Революциялык козголоңдор болсо, бир башкаруу системасын, башка идеологияга негизделген экинчи башкаруу системасына өзгөртүү максатында ишке ашырылат. Демек, кезектеги тополоңдор да, болгону бир светтик система ичиндеги бир нече жетекчи топтор ортосунда бийлик талашуу негизинде уюштурулууда.
Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгынан караганыбызда, бул тополоңдордун бизге эч кандай тиешеси жок. Элдин кызыкчылыгы тараптан караганда да, биринчи, иккинчи төңкөрүштөр сыяктуу эле, күтүлүп жаткан төңкөрүштүн да элге эч кандай пайдасы жок. Ар дайым бийлик алмашарда оппозиционер болуп алган жетекчилер элдин бир нече кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып берүүнү убада кылышат. Бирок, бийликке жетип алган соң, алардын да мурункулардан айырмсы калбайт.
Ислам жана мусулмандарга карата мамилеси да дээрлик өзгөрбөйт. Себеби, Кыргызстан дүйнөлүк саясат жана системанын күчтүү таасири астындагы мамлекеттер катарында. Алар Кыргызстанга басым өткөрүп, эң кирешелүү тармактарды жана кен-байлыктарды өздөштүрүп алышкан. Мисалы, “Кумтөр”, “Жер-Үй” алтын кендерин, “Кыргызгаз”, “Дастан” сыяктуу кирешелүү ишканаларды жана башка кирешелүү тармактарды дал ушул жетекчи топтун жардамында өздөштүрүп алышкан.
Ошондуктан, биз исламий, ыйманий мухит өкүлдөрү, исламий кызыкчылыктарга жат болгон бул тополоңдорго катышпайбыз. Жүз берип жаткан жараяндарга болсо – биздин жана биз жоопкер болгон мусулман жарандар үстүндө жүрүп жатканы үчүн – алардын түпкү кызыкчылыктарын белгилөө менен саясий жараяндарда катышууга мажбурбуз. Бирок, бул саясий аракеттерибиз исламий шаръий кызыкчылыктарыбыздын чегарасынан тышкарыга чыгып кетпестигин катуу көзөмөлдөп барабыз. Инша Аллах, жүрүп жаткан ар бир жараян, Ислам жана мусулмандар үчүн пайдалуу болот. Ал үчүн ар бир саясий аракетибизди исламий Акыйда негизинде алып барышыбыз керек.