Кытай Кыргызстандын армиясына 1 миллиард сом грант бере турган болду

279
0

Кытай Кыргызстандын армиясына 1 миллиард сом грант бере турган болду

 “Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси менен Кытайдын коргоо министринин жолугушуусунда 100 миллион юань (расмий курс менен 1 миллиард сом) өлчөмүндөгү грант алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлаган.

Келишим 22-март күнү Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевдин Кытайга болгон сапарынын алкагында түзүлдү.

Кабарда: “Делегациялар эки тараптуу кызматташуунун өнүгүп жатканын белгилеп, мындан аркы алаканы чыңдоого даярдыгына токтолушту. Сапардын жыйынтыгы менен Башкы штабга жардам катары 100 миллион юань берүү боюнча макулдашууга кол коюлду”, – деп айтылат.

Өнөктөштүктөн сырткары тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы иш-аракеттер, анын ичинен экстремизмге каршы туруу жана аскер кадрларын даярдоо маселелери талкууланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here