АКШ: Түркиянын жардамы канчалык кадырлуу экендигин билебиз

315
0

АКШ: Түркиянын жардамы канчалык кадырлуу экендигин билебиз

Пентагондун маалымат катчысы Адриан Галловай АКШнын ИШИМге (ИГИШ) каршы күрөшүндө Түркияга жүктөлө турган милдетти маалымдады. Галловайдын айтымында, АКШ башчылыгындагы коалициянын Түркия тарабынан колдоп-кубатталышы жана Ракка операциясында Түркиянын мойнуна жүктөлө турган жоопкерчиликтер өтө маанилүү.

ИШИМге кошулуу үчүн чет өлкөдөн келе жаткан согушкерлер Сирияга киришине Түркия жол бербей жаткандыгын билдирген Пентагондун маалымат катчысы Сириядагы согушта жана терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Түркия жана АКШ ортосундагы кызматташтыктын өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

“Түркия өкмөтү менен Раккада баштай турган аскерий операциялар жаатында жакын алакаларыбыз бар. НАТОдогу союздашыбыз болгон Түркиянын ИШИМге каршы күрөшүбүздөгү жардамы канчалык кадырлуу экендигин билебиз. Түрк аскерийлери ИШИМ аскерлеринин Сирияга кирип-чыгууларына ийгиликтүү көрүнүштө тосук койду. НАТОнун башка мүчөлөрү сыяктуу эле Түркия менен да Ракка операциясы жаатында өкмөттүк жана армия деңгээлинде алакаларыбыз уланууда. Раккада ИШИМди жеңүү үчүн Түркия менен жакындан кызматташып жатабыз”, – деди маалымат катчы.

О.э. Түркиянын Ефрат калканы операциясына да оң баа берди.

“Түркия күчтөрү жана анын өнөктөштөрү (Сирия оппозициясы) ИШИМге каршы өткөргөн операцияларында бир топ ийгиликке жетишкендигинен кабардарбыз. Биз да коалициялык өнөктөштөрү катары бул операцияларда разведкалык маалыматтарды алмашуу, Түркия күчтөрү чабуул кыла турган буталарды белгилеп берүү о.э. Эль-Баб жана анын айланасындагы ИШИМдин позицияларына абадан сокку берүү менен салымыбызды кошуп жатабыз”,-  деди Пентагондун маалымат катчысы.

Туркистон:

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча кеңешчилеринин бири Сал Сайгин Шимшек АКШнын Жакынкы Чыгыш саясатында Түркиядан үмүтү чоң экендигин билдирген эле.

Аллах Таала Өзүнүн Улуу китебинде мусулмандарды:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

Яхудий жана насранийлер тээ алардын динине кирмейиниңче эч качан сенден ыраазы болушпайт”, – деп эскерткен.

Чындыгында Эрдоган өкмөтү Сирия маселесинде өтө чоң ролду аткарды. Айрыкча, Халабдын (Алеппо) кулашында жетиштүү кызмат көрсөттү. Эгерде Түркия Халабдын айланасындагы өзүнө караштуу болгон (т.а. Түркиядан материалдык жардам жана каражат алып турган) оппозициялык күчтөрдү “Ефрат калканы” шылтоосунда тартып кетпегенде, Асад күчтөрү Халабга жакындаша алмак эмес. Бул акыйкатты Россия президенти Владимир Путин өз оозу менен ачыктады. Себеби, ал Халаб чыгышынан куралдуу согушкерлерди алып чыгып кетүү операциясы Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен түзүлгөн келишим боюнча ишке ашкандыгын билдирди.

Эрдоган өкмөтүнүн Сирияда көрсөткөн кызматы тууралуу АКШ борбордук күчтөрүнүн командачысы генерал Жозеф Вотел “Түркиядан келе жаткан күнүмдүк колдоо болбосо Сириядагы көптөгөн иштерибизди аткара албайт элек” деп ачык айтты. Бирок, АКШ үчүн Эрдоган өкмөтүнүн бул кызматтары жетиштүү эмес. Эми алдыда Ракка маселеси турат, андан кийин дагы башкасы… Кыскасы, Эрдоган өкмөтү анын динине кирмейинче, АКШ андан эч качан ыраазы болбойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here