Сегиз жүздөн ашуун америкалык жаран Саудиянын үстүнөн доо арыз менен кайрылды

301
0

Сегиз жүздөн ашуун америкалык жаран Саудиянын үстүнөн доо арыз менен кайрылды

“Sputnik” сайтынын кабарына ылайык, 2001-жылдагы 11-сентябрь окуясында каза болгон бир топ адамдардын туугандары Саудиянын үстүнөн доо арыз беришти. Алар Саудияны “Ал-Каида” уюмун каржылагандыкта жана колдоп-кубаттагандыкта айыпташууда.

800 адамдын атынан берилген 135 беттен турган доо арызда теракттын натыйжасында курман болгон жана жабырланган адамдардын о.э. алардын жакындарынын аты жөнү тизмектелген. Доо арыз дүйшөмбү күнү Манхэттендеги федералдык сотко тапшырылган. Доо арыз бергендер королдуктан келтирилген зыян үчүн финансылык компенсация талап кылышууда. Компенсациянын көлөмү азырынча ачыктала элек.

Доо арыздын текстинде: “Саудия эки жүздүүлүк кылды. Ал АКШнын жана башка Батыш мамлекеттеринин алдында “Ал-Каида”га жана терроризмге каршы күрөшүп жаткандай болуп көрүндү. А бирок, ошол эле убакта – доо арызда айтылышынча – Саудия өкмөтүнүн атынан иш жүргүзүүчү адамдар “Ал-Каида”га жардам берип келишкен”, – деп айтылат.

О.э. “Саудиянын жардамы болбосо, террорчулар 11-сентябрдагы терактты ишке ашыра албайт эле”  деп айтылган.

Эскерте кетүүчү нерсе,  АКШ Конгресси президент Барак Обама вето коюшуна карабастан, 11-сентябрь окуясында курман болгондордун жакындарына Саудиянын үстүнөн доо арыз менен кайрылуу укугун берген мыйзамды кабыл алган соң, эң алгачкы болуп АКШнын борборунда жашаган Стефани Росс Десимон доо арыз менен кайрылган. Саудия тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, АКШ тараптан кабыл алынган мыйзам жүздөгөн жылдар бою эл аралык алакалардын негизин түзгөн суверендүү мамлекеттин принциптерине олуттуу зыян жеткирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here