Нурсултан Назарбаев Атамбаевдин сөздөрүнө жооп берди

264
0

Нурсултан Назарбаев Атамбаевдин сөздөрүнө жооп берди

 Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 2010-жылы чегара эмне үчүн жабылгандыгын айтты.

Назарбаевдин айтымында, 2010-жылы чындап эле чегара жабылган. Назарбаев: “Келечекте ушундай болсо дагы да жабабыз. Кайсы мамлекет чегарасын жаппайт? Түркия да жаап жатат. Ошондо Кыргызстандагы абалдан Өзбекстан да, Тажикстан да чегарасын жапты. Андыктан, бул жерде эч кимдин күнөөсү жок, күнөө ошол жакта болгон жагдайда”, – деди.

Казакстан президентинин билдиришинче, кыргыз-казак бир тууган эл.

Ал: “Биз кошуна элбиз. Президенттер менен мамлекет башчылары кетет, биздин эл калат. Андыктан, буга дагы көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Аларда азыр шайлоо болуп, бардыгы өзгөрүп жатат”, – деди.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Euronews телеканалына берген интервьюсунда: “2010-жылы Казакстан 1,5 айга жолдорду жапканда бизде адам өлүмү да болгон. Мына ушундай болгон, анткени блокада – бул жаман нерсе…”, – деген эле.

Туркистон:

Назарбаев басым менен сүйлөп жатканы көрүнүп турат. Ал Атамбаевге “бийликте отурган адамдар эмоцияларын тизгиндей алышы керек” деген эскертүү берип жатат.

Атамбаев расмий билдирүүлөрүндө эмоцияга алдырып көптөгөн каталарды кетирүүдө. Ал саясий терминдерди өз ордунда пайдаланууну, саясий кырдаалды терең түшүнө билүүнү жана саясий этиканы сактоону билбейт. Акыркы кездеги саясий жараяндын курчушу анын психикасына терс таасирин тийгизе баштаган окшойт. Ал тургай, жаш балдар менен же элчилер менен расмий же расмий эмес жолугушууларда темага же протоколго тиешеси болбогон сөздөрдү сүйлөп жатат.

Казакстан Кыргызстанда болуп жаткан иштерге кайдыгер эмес. Тескерисинче, таасир өткөрүүгө, Кыргызстанды өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктары тарапка жүргүзүүгө аракет кылат. Назарбаев жогоруда ушуларды айтып, “буга чейин да ушундай болгон, мындан кийин да ушул багытта аракет кылабыз” демекчи болууда.

Атамбаев Путиндин жылуу сөздөрүнө таасирленип кетти. Бул нерсе, Саддам Хусейн Катарды басып алууга чоң Буштан уруксат сураганда, Буштун телефон аркылуу “ал сиздин ички проблемаңыз” деген жообун түзмө-түз түшүнүп, Катарга аскерий жүрүш кылып жибергенин эске түшүрөт. Ошондо АКШ кырдаалдан пайдаланып, Иракка биринчи аскерий жүрүшүн баштаган эле.

Саясатта саясий этика, саясий интригалар болот. Бул сөздөр кээде жалган болуп, кээде болсо максаттын тескерисин түшүндүрөт. Путиндин айткан сөздөрү болсо, кырдаал өзгөрүшү менен өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон саясий терминдер болчу. Себеби, Путиндин эмдиги мамилелерине Назарбаев, Рахмонов  жана Мирзияевдердин таасири өтө чоң. Мындан тышкары, Кыргызстандагы ички саясий абалдын өзгөрүшү, курчуп бара жатканы жана Батыш системасы тарабынан кирип келе жаткан сакафаттын таасири да салмактуу үлүшкө ээ. Себеби, Батыш сакафаты, түстүү  революция шамалын алып келе жатат. Бул болсо, Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй регионго таасирин тийгизет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here