بسـم الله الرحمن الرحيم
“Нооруз”дун арам экендиги анык болду, бирок…
Нооруз фарс тилинен алынып, “нав” – жаңы, “руз” – күн деген маанини түшүндүрөт. Бул жаңы жыл башталгандыгын билдирүүчү күн болуп, негизинен перс жана түрктөрдөгү байыркы ширк ишенимдерге тиешелүү майрам болуп эсептелет. Бул күн 2009-жылдын 30-сентябрында ЮНЕСКО тарабынан “эл аралык күн” деп белгиленди. Мындай майрам болжол менен 2500 жылдан ашуун убакыттан бери бар. Бул күн “зардуштийя” дининде жарыктык караңгылыктан үстөм болгон күн катары белгиленет.
Ислам келип, ар кандай ширк көрүнүшү болгон буттарга сыйынуу туура эмес ишеним экендигин ашкере кылды. А бирок, учурда “демократия” деген аталыш астында “каалоо” деген ишеним адамдарга өкүмдар болуп алган. Бул да башка буттардан айырмаланбайт. Аллах Таала айтат:
أَرَأَيْتَ مَنْ اتَّخَذَ إِلَهَهُ هَوَاهُ أَفَأَنْتَ تَكُونُ عَلَيْهِ وَكِيلًا أَمْ تَحْسَبُ أَنَّ أَكْثَرَهُمْ يَسْمَعُونَ أَوْ يَعْقِلُونَ إِنْ هُمْ إِلَّا كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلًا
Кабар берчи, ким напис-каалоолорун кудай алган болсо, сен анын үстүнөн өкүл-кароолчу болосунбу?! (Жок, сенин милдетиң напис-каалоосуна кулдук кыла турган кишилерди бул кылмыштарынан сактоо-коруу эмес, тескерисинче Биз сага жиберген вахийди пенделерибизге жеткирүү гана). Же сен алардын көптөрүн (акыйкат сөздү) уга алышат же түшүнө алышат деп ойлойсунбу?! (Андай эмес, анткени) алар эч нерсе эмес, бар болгону үй айбандары сыяктуу. Жок, алар дагы да жолдон түгөл адашкан адамдар! [25:43,44]
Туура, байыркы буттар канчалык арзыбаган нерселер болсо да, адамдар жашоосун ошого негиздегени бүгүнкү күндө карапайым адамдарга да ашкере болгон, же атеизмдин заманбап илим-билими акмактардын жомогу экени ашкере болгон болсо да, бирок “каалоо” деген “бутту”, ал тургай кээ бир илимдүүлөр жана даъватчылар да анык ажыратып алышпаган. Ошол себептен улам, алар демократияны куфр деп билишсе да, алардан айырмасыз өз “каалоо”лоруна кулдук кылып, шарияттын талаптарына эмес, “каалоо”лоруна моюн сунушууда. Мисалы: Шаръий нусустарга негизделбеген ар кандай маани-өкүмдөр “каалоо” деген буттун көрсөтмөсү болуп эсептелет. Же даъватты жамаатка кошулбастан жекече көрүнүштө алып баруу да “каалоо”нун буйругу болуп эсептелет. Себеби, Расулуллах(с.а.в) андай кылган эмес, демек шарият андай эмес. Же жамааттын чечимдерине – халкадагы тартип болобу, же даъваттагы чечимдер болобу айырмасыз – амал кылбастык “каалоо” болуп эсептелет. “Жума” намазына барып, өз алдынча намаз окуган же имамга уюбастан, адан алдыга өтүп кеткен момун жума фарзын аткарган болобу? Албетте, жок! Кудум ушундай эле, даъват жамаий алып барылышы жана анда Амир тарабынан чыгарылган бардык токтомдорго сөзсүз итаат кылынышы менен даъват жамаий көрүнүштө алып барылган болот. Мисалы: Бир нече жолу сабак берген мушриф да дагы ошол сабакка даярданып барышы, же арзыбаган эле иш болсо да, беш минут кечиккен даристи муалажа кылуу сыяктуу.
Акылды алдыга коюп, “каалоо”ну ээрчүү даъват иштеринин ийгиликсиздигине себеп болот. Сиздерге “Ухуд” казатындагы жеңишти жеңилүүгө айландырган итаатсыздыкты эскертүүнүн өзү жетиштүү болсо керек. Ошондуктан, биз алгач шариятка ар кандай буттардан тазаланган абалда моюн сунуп, нукура Исламды кабыл алуу менен жашоонун бардык иштеринде “каалоо”дон этият болушубуз керек.
Гариб.