Конференция өтпөй калды
Англистердин малайы Мустафа Кемел Ататүрктүн жолун улантуучулар болгон Республикачыл элдик партиянын (CHP) Түркия бийлигине басым өткөрүүсү натыйжа берди. Хизб ут-Тахрир –Түркия вилаяты басма сөз бөлүмү тарабынан 5-мартта өткөрүлүшү жарыя кылынган “Дүйнө эмне үчүн Халифалыкка муктаж” деген аталыштагы конференция CHPнын басымы астында Байрампаша бийлиги тарабынан токтотулду.
Башында бул конференциянын өткөрүлүшүнө уруксат берген бийлик өкүлдөрү, министрлер жана депутаттар CHPнын басымдарына каршы бекем тура алышпады. Ислам душманы болгон CHPнын конференцияны жокко чыгаруу талабы бийлик тарабынан канааттандырылды. Мунун артынан конференция боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Байрампаша коопсуздук мекемесине чакыртылган Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн төрагасы Махмуд Кар жана анын шериги Осмон Юлдуз камакка алынды.
Мусулмандардын жана адамзаттын чыныгы кызыкчылыгы кайда экендигин о.э. дүйнө эмне үчүн Халифалыкка муктаж экендигин четке кагуу мүмкүн болбогон далил-фактылар менен ачыктап бере турган конференциянын алдындагы мындай камакка алуулар демократияны дааба кылып жаткандардын өздөрү “пикир эркиндигине” чыдай албастыгын көрсөтүүдө.