Россия Кыргызстан бюджетин турукташтыруу үчүн 225 млн доллар бөлдү

329
0

Россия Кыргызстан бюджетин турукташтыруу үчүн 225 млн доллар бөлдү

“Россия 24”телеканалынын кабарына таянсак, Россия президенти Владимир Путин Россия-Кыргызстан сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга бюджетти турукташтыруу үчүн берилген гранттын жалпы көлөмү 225 миллион долларга барабар болгондугун билдирди.

“Россия Кыргызстанга бюджетти турукташтыруу максатында жардам берүүдөгү гранттардын жалпы көлөмү бүгүнкү күндө 225 миллион долларга барабар болду”,- деди Путин.

Анын айтымында, Россия Кыргызстанга ЕАЭБдин талаптарына ыңгайлашуу жараянында активдүү жардам берүүдө.

Путин: “Кыргызстанга бажыкана инфраструктурасынын объектилерин модернизациялоо жана чегара пункттарын жакшыртуу үчүн 200 миллион доллардык жардам берилди”,- деди.

Путиндин баса белгилешинче, эки тараптуу өнүктүрүү фонду аркылуу жалпы баасы 200 миллион доллардан көбүрөөк болгон долбоорлор ишке ашырылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here