БУУ: Зомбулуктар божомол кылынгандан да көбүрөөк

354
0

БУУ: Зомбулуктар божомол кылынгандан да көбүрөөк

БУУнун адам укуктары боюнча атайын өкүлү Янгхи Ли Мянмада аракандык мусулмандарга карата колдонулган зомбулуктар божомол кылынгандан көбүрөөк болгондугун моюнга алды.

Янгхи Ли Бангладештин борбору Дакка шаарындагы лагерге болгон 4 күндүк сапарынан кийин жазма билдирүү чыгарды. Ал билдирүүсүндө 2016-жыл, 9-октябрдан кийин Мянма полициясынын чабуулунан Бангладешке качып өтүүгө мажбур болгон аракандык качкындар менен жолугушкандыгын билдирди.

Янгхе Ли аракандык мусулмандардын мууздалгандыгы, аларга ок атылгандыгы, адамдарды байлап туруп үйлөрү менен кошо өрттөп жиберилгендиги, жаш балдардын күйүп жаткан отко ыргытылгандыгы жана зордукталганы сыяктуу зомбулуктарды камтыган маалыматтарды отчётко кошкондугун билдирип: “Бул адамдар күбө болгон жырткычтыктар жана алар башынан өткөргөн зомбулуктар божомол кылынгандан да көбүрөөк экен”, – деди.

Ли аракан проблемасына чечим катары Мянма бийлигин жогоруда айтылгандарды текшерип чыгуу үчүн калыс жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө о.э. адам укуктары бузулушунун алдын алуучу чараларды көрүүгө чакырды.

Туркистон:

БУУнун өкүлү Аракан проблемасын үйрөнүп чыгып, анын таасиринен жакасын кармап жатат. А бирок, чечимге келгенде Мянма бийлигин буга каршы чара көрүүгө жана “адилеттүү” тергөөгө чакыруу менен чектелүүдө. Коопсуздук Кеңешине ээ болгон БУУнун мусулмандарга карата тапкан чечими мына ушул. Түпкүлүгүндө, БУУдан мындан башкача чечимди күтүү келесоолук болуп эсептелет. Акыйкатта болсо, ушул кезге чейинки кыргындар мына ушул Мянма бийлигинин көзөмөлү астында ишке ашырылгандыгын дүйнө жүзү көрүп турат. Башында кыргындарды бутпарастар ишке ашырып, армия жана полиция буга көз жумуп турган болсо, эми кыргындарды полиция жана аскерлер ишке ашырууда.

9-октябрь күнү чегара пунктуна чабуул кылгандык даабасы менен Мянма армиясы “аймакта коопсуздукту камсыздоо” операциясын баштаган. Армия ушундай шылтоо менен Аракан айылдарына бастырып кирип, миңдеген мусулмандарды өлтүрдү. Эсепсиз муслималарды зордуктады. Үйлөрдү ичиндеги адамдар менен кошо өрттөп жиберишти. БУУнун өкүлүнүн отчёту ошол аскерлердин кылмышы т.а. жакынкы төрт айдын ичинде болгон жырткычтыктар тууралуу болуп жатат. Бир нече жылдардан бери ишке ашырылып жаткан бутпарастардын жырткычтыгы болсо унутулуп кетти.

Учурда Масжидул Акса имамдары жана аалымдары араб өлкөлөрүнүн акимдерине кайрылуу жолдоп, аларды массалык кыргын кылынып жаткан аракандык мусулмандарды жардамсыз таштап койбостукка чакырышууда. Масжидул Акса имамдары араб акимдерин козголууга чакырып, алардын тирүү туруп “өлүккө” айланып калгандыгын албай жатышат. Эгерде, ушул акимдер “өлүк” болбосо, жанында эле турган жана ондогон жылдардан бери яхудийлер зулумунда эзилип жаткан Палестина мусулмандарын жардамсыз таштап коюшат беле?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here