Башкирияда дагы мусулмандар камакка алынды

331
0

Башкирияда дагы мусулмандар камакка алынды

Коопсуздук күчтөрү 2017-жылы 9-февраль күнү Уфа шаарындагы үйлөрдө тинтүү өткөрүп, Хизб-ут-Тахрирге байланышы бар деген айып менен мусулмандарды камакка алды. Учурда Орусия Федерациясынын кылмыш кодексинин 205.5-беренеси (террористтик уюм түзүү жана ага катышуу) айыбы менен 7 адам камакка алынганы маалым болду. Алар: Зайнуллин Руслан, Наумов Артём, Мухаметов Батир, Абдурахимова Урала, Галиев Урал жана Зарипов Артур. Алар Дюртюли шаарындагы өзгөчө камерада кармалып турушат. Камакка алынган дагы бир мусулмандын ысымы жана дареги азырынча белгисиз.

Жакында 2016-жылы Салават жана Стерлитамак шаарларында мусулмандарды камакка алуу амалияты өткөрүлдү. Бирок, коопсуздук кызматы кайсы далил негизинде кылмыш ишин когозгону, тинтүү жана камакка алуу амалияттары жөнүндө басма сөзгө маалымат бербей жатышат. Мусулмандар Хизб-ут-Тахрирге байланышы бар деген айып менен камакка алынып жатканын атайын ачыкка чыгарбоонун себеби – бул айыптоо кылмыш кодексине туура келбегени. Анткени, террорчу уюмда катышуу айыбы бүткүл дүйнөдө белгилүү болгон исламий саясий хизб аракетине туура келбейт.

Хизб-ут-Тахрирге коюлган айыптоо өз тастыгын таппагандыгы «Мемориал» борборун Башкирияда 30дан ашуун мусулманды саясий туткун деп эсептөөгө үндөдү. Ошентип, кече Федералдык коопсуздук кызматы Хизбге каршы күрөшүү маселесинде адамдарды адаштыра алган болсо да, бирок бүгүн бул репрессиялардагы саясий тарапты жашырышы мүмкүн эмес.

Эртең болсо – Аллахтын жардамы менен – Орусия Исламга каршы душмандык саясатын алып барып ката кылганын жана мусулмандарды репрессия кылуу менен калктардын ойгонушуна себеп болгонун моюнга алат.

Хизб-ут-Тахрирдин

Орусиядагы матбуат бөлүмү

Расмий сайт: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here