Түркия: Асадды күч менен бийликтен кулатуу ниетибиз жок

365
0

Түркия: Асадды күч менен бийликтен кулатуу ниетибиз жок

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын башкы кеңешчиси Илнур Чевик Түркиянын Сирия режими менен карама-каршылыкка кирүү жана Сирия президенти Башар Асадды күч менен бийликтен четтетүү ниети жоктугу тууралуу билдирди. Бул тууралуу Спутник маалымат агенттиги кабарлады.

Агенттиктин кабарына таянсак, Россиянын РТ телеканалынын журналистине интервью бергин Чевик: “Анкара Дамаск менен кызматташпайт. О.э. Асадды күч колдонуу менен кулатуу жолуна да кирбейт”, –  деди.

Ошондуктан да Астанада уюштурулган тынчтык сүйлөшүүлөрү Түркия, Россия жана Иран тарабынан башкарылгандыгын айтып өткөн Чевик, Асадга каршы күч иштетүү күн тартибине киргизилбегендигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Чевик Түркия аскерлеринин Сириядагы аскерий операциялары тууралуу сөз кылып: “Түркия Сирия жерлеринде көзөмөл орнотмокчу эмес. Анын максаты ИШИМди (ИГИЛ) жок кылуу. Биз ИШИМ үстүнөн жеңишке жеткенден кийин ал жерден чыгып кетебиз”, – деди.

Эскерте кетсек, мындан бир аз мурда Түркия армиясы Сирияга Асадды кулатуу үчүн киргендигин дааба кылган президент Эрдоган сегиз сааттан кийин бул сөзүнөн кайткан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here