Путин: Тажикстан регион коопсуздугу жана туруктуулугунда маанилүү орун ээлейт
Россия президенти Владимир Путин Борбор Азия сапарынын алкагында 27-феврал күнү Тажикстанда болду.
Ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан учурда Тажикстанды региондогу тынчтык жана туруктуулукту колдоп-кубаттоодогу маанилүү мамлекет катары сыпаттады.
Путин Тажикстандын региондук маселелер боюнча позициясы Россия үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.
Путин: “Биз үчүн регионалдык маселелерде Тажикстан маанилүү орунда. Тажикстанды региондогу коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоодогу маанилүү мамлекет деп эсептөөгө болот. Белгилүү болгондой, бул жерде биздин аскерий базабыз жайгашкан, бул база Тажикстан жана Россиянын түштүк аймактарынын коопсуздугун камсыздоого каратылган”, -деди.
Россия менен Казакстандын президенттери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев 26-февралда расмий эмес жолугушуу өткөрүштү. Алар жекшемби күнүн биргеликте өткөрүп, Алма-Атага жакын жердеги лыжа базасында дем алышкан.
27-февралдын биринчи жарымында, Алма-Атада Путиндин Назарбаев менен расмий жолугушуусу болгон эле.
28-февраль күнү Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Бишкекке келет