Россия мусулмандарга каршы кылмыш дүйнөсүнөн да пайдаланмакчы
РФнын Тува республикасында жайгашкан абакта Руслан Гегечкори (шляпа младший) деп таанылган “ мыйзамдагы ууру” чечен улутундагы мусулмандан таяк жеп калганы үчүн мечитти талкалады. Анын Ислам жана мусулмандарга каршы бул кылмышы СНГдагы мусулмандардын ачуусуна тийди
“Уурулар идеясы” деп аталган бул байламта Советтер Союзунда пайда болгон. 1930-жылдары бул идея Сталин тарабынан атайылап пайда кылынгандыгы айтылып келет. Ал кезде Советтер Союзу ички экономикалык проблемалар себептүү оор абалда эле. Анын үстүнө кылмыш дүйнөсү да күчөп, мамлекеттүүлүк изден чыгып кетиши коркунучу пайда болгон. Абактар саясий туткундарга толуп кеткен. Абактардагы саясий оппоненттерге өздөрүнүн көз карашын таратуу мумкүнчүлүгү пайда боло баштаган. Сталин өзүнүн мурунку табакташтары болгон кылмыштуу топтун жетекчилери менен биргеликте жаңы бир система, саясий синдикат сыяктуу идея (тартип) ойлоп тапкан. Алар муну “уурулар идеясы” деп атап, бул идеяны мамлекеттеги бардык кылмыштуу топтор үчүн пикирий негиз жана мажбурий тартип-эреже кылып коюшту. Натыйжада, бийликке карама-каршы тартип менен аракеттенип жаткан, бирок түпкүлүгүндө анын жашыруун өнөктөшү болгон башкаруу системасын пайда кылышты.
Падышалык Россия доорунда да кылмыштуу топтордун таасири күчтүү эле. Бирок, СССР өзүнүн коммунисттик идеологиясы менен революция кылганда, эл аны жакшы кабыл албады. Ошондо бул жаңы калыптанып келе жаткан мамлекет ар кандай күчтү өзүнө тартууга аракет кыла баштады. Тарыхчылар Ленинден кийин Сталиндин бийликке келишин да ушул кылмыштуу элементтердин таасири күчтүү болгонуна мисал келтиришет.
Бүгүнкү күндө да, бул кылмыштуу топ жана анын “уурулар идеясы” деп аталган системасы жок болуп кетпеди. Аныгыраагы, учурдагы саясий элита СССРден калган калдыктардан толук кутула алган эмес. Т.а. азыркы СНГ мамлекеттеринде дагы деле СССРден калган саясий элита өкүм сүрүүдө. Бул элита өкүлдөрү азыркыга чейин абактардагы режимдерди башкарууда, “мыйзамдагы уурулар” менен кызматташууда. Т.а. абактарды алардын жардамында башкарып жатышат. Бул саясий чөйрөнүн өкүлдөрү да кудум Сталин сыяктуу эле, “ууруларды” саясий туткундарга каршы багыттамакчы болууда. Россияда болуп жаткан мусулмандар менен “уурулар” ортосундагы тирешүү бардык СНГ мамлекеттерине таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби, бул нерсе топтор ортосундагы тирешүү эмес, тескерисинче белгилүү бир дүйнө караш же белгилүү бир ишеним жана саясий көз караштарга каршы “мыйзамдагы ууруларды” багыттоо үчүн атайылап уюштурулган аракет.
Кыргызстан менен Россиянын абалы бири-бирине окшоп барууда. Аныгыраагы, Кыргызстан, кылмыштуулукка мамиле билдирүүдө жана мусулмандарга каршы күрөшүүдө Россиянын изи менен бара жатат. Абактардагы абал да, аларды башкаруу системасы да бирдей. Демек, проблемалары да бири-бирине жакын. Ошондуктан, Кыргызстан абактарында мусулмандарды өзүнчө жабык режимде кармай башташты. Максаты, “уурулар идеясы” жардамында жүрүп жаткан башкаруу системасын исламдашып кетүүдөн сактап калуу.
“Уурулар идеясы” канчалык күчтүү жана таасирдүү болбосун, ал баары бир идеология эмес. Демек, ал ислам идеологиясы менен атаандаша албайт. Себеби, аны жашоосунда көтөрүп жүргөн адамдар да өздөрүн бирер диндин өкүлдөрүбүз деп эсептешет. Кыргызстандагы “уурулар идеясынын” өкүлдөрү негизинен мусулмандардан турат. Алар “ууру идеясын” Ислам дини менен шайкеш келтирүүгө аракет кылышат. Бирок, бул нерсе мүмкүн эместигин акылы менен сезген соң, экөөнүн бирин тандоого мажбур болушат. Т.а. бири убактылуу кызыкчылык үстүнө курулган жасалма байламта болсо, экинчиси дүйнө жана акыреттеги ордун жана бактылуулугун белгилеп берүүчү мабдаъий исламий байламта.
Кыргызстан бийлиги муну түшүнүп жетти, же болбосо, орус жетекчилеринин кеңеши менен “Ислам идеологиясы менен куралданган мусулмандарды кылмышкерлерден башка кармоо керек” деген тыянакка келди. Себеби, Кыргызстан – Россиядан айырмалуу түрдө – исламий өлкө. Анын 90% дан ашуун жараны мусулмандардан турат. Абактагылардын кудум ушунча пайызы мусулмандар. Демек, Россия мусулмандар менен “мыйзамдагы уурулар” ортосунда согуш пайда кылууну мурдатан пландаштырган болушу мүмкүн. Кыргызстанды болсо, бул согуштун таасиринен этият кылуу максатында исламий туткундарды башкалардан изоляция кыла баштаган болушу мүмкүн.
Бул тирешүүнүн артынан күтүлүп жаткан согушка мусулмандардын мамилеси кандай болушу керек?
Албетте, мусулмандын ар бир иши шаръий өкүм негизинде болушу керек. Т.а. анын күрөшү, саясаты, даъваты, жихады ж.б…. Мусулман Аллах тарабынан бир ишке буюрулганда, ал ишти аткаруу тарыйкаты (жолу) да Аллах тарабынан жиберилген болот. Ислам дини кемтиксиз дин экендиги ушундай жол менен тастыкталат. Т.а. ар бир ишти аткаруу жолун да, же ошол фикратты ишке ашыра турган тарыйкатты (жолду) да исламий нусустардан истинбат кылып алуу важиб. Исламды тикелөөнү, куфр жолдорун табанний кылуу менен ишке ашыруу арам. Ислам жолунан тышкарыдагы бардык аракеттер куфр жолдору деп этибар кылынат.
Ошондуктан, “уурулар идеясы” өкүлдөрүнө каршы согуш ачууда этият мамиле кылуу керек. Куфр мамлекети бизден да кудум Сталин “уурулардан” пайдаланганы сыяктуу пайдаланууга аракет кылат. Т.а. өздөрүнө ыңгайсыз күчтөрдү мусулмандардын колу менен алсыратмакчы болушат. Же дүйнөлүк куфр система өкүлдөрү бири-бири менен кызыкчылык талашуу күрөшүндө бизден пайдаланмакчы болушат. Мисалы, Россияга проблема пайда кылуу үчүн чечен улутчулдугунан же исламий туйгуларыбыздан пайдаланып, өздөрүнүн белгилүү бир кызыкчылыктарына жетишмекчи болушат. Же Россиянын өзү бул проблеманы күчөтүү менен мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан репрессивдик аракеттерин актап, бул репрессиясын дагы да күчөтүүгө жол ачып алмакчы болот.
Кандай болгон күндө да “уурулар идеясы” мусулмандарды чалгытуучу күч эмес. “Уурулар идеясына” каршы күрөш – бул мусулмандарды чалгытуучу багыт. Россия мусулмандарга каршы күрөшүп жатып, кылмышкерлер дүйнөсүн да бизге каршы багыттоону көздөп жатат. Бул ыпылас пропаганда мусулмандарга каршы пикирди күчөтүп жиберет деп үмүттөнүүдө.