Астана сүйлөшүүлөрүндө Сирияда ок атууну токтотуу тартибин бузгандык үчүн санкциялар талкууланат

312
0

Астана сүйлөшүүлөрүндө Сирияда ок атууну токтотуу тартибин бузгандык үчүн санкциялар талкууланат

Сирияда тынчтык орнотууга каратылган Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги баскычынын катышуучулары ок атууну токтотуу тартиби бузулган абалдарды күзөтүүнү жана аны бузгандарга карата санкцияларды талкуулашат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер  министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

“Айрыкча,согуштук аракеттерди токтотуу тартибин бузуу абалдарын каттоо ыкмасы о.э. ушул тартипти бузгандарга карата санкциялар жөнүндө сөз болууда. Кепилдик берүүчү мамлекеттердин (РФ, Түркия жана Иран) маалыматтарына таянсак, алар бул жерде ок атууну токтотуу тартибин бузуу абалдарын каттоого ала турган топту түзүүнү пландаштырышкан”, – деди Абдрахманов.

Анын айтымында, Түркия тарап тез арада өз делегациясы тууралуу маалымат берет. Казакстан Тышкы иштер министрлиги болсо, Сирия куралдуу оппозициясынын сүйлөшүүлөргө катышуу туурасындагы маалыматтарын күтүүдө.

Сүйлөшүүлөргө БУУнун беш өкүлү катышат. Абдрахмановдун билдиришинче,  азырынча АКШ өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөргө катышары тууралуу маалыматтар жок. Ал эми Россиянын жана Сирия өкмөтүнүн делегациялары жетип келишкен. О.э. Иран менен Иорданиянын өкүлдөрү да келишкен.

Астанадагы сүйлөшүүлөр биринчи жолкудай эле, “Rixos” мейманканасында уюштурулат. Ошону менен бирге, бул жолу да эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Тышкы иштер министринин билдиришинче, Астана жолугушуулары Женева сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн даярдоо баскычы катары кызмат кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here