Астана жолугушуусунан төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот
Москва жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн Астана жолугушуусунда Асад режиминин мыйзамдуулугу дагы да бекемделди. Түркия, Россия жана Иран тарабынан берилген акыркы ортоктош билдирүүдө “террорго (Исламга) каршы күрөшүү”, “Илманий (светтик) Сирия”, “Сирия режими менен оппозиция ортосунда ишенимди күчөтүү” жана “Женева жолугушуусуна катышуу” маселелерине басым жасалды.
Астана жолугушуусунан кийин Түркия, Россия жана Иран тарабынан берилген ортоктош билдирүүдөн төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот.
1 – Түркия, Россия жана Иран мамлекеттери Сирия оппозициясынын ИШИМ (ИГИШ) жана Фатхуш-Шам (мурунку аты Жабхатун Нусра) менен алакаларды үзүшүн жана бул топторго каршы күрөшүүсүн жазуу түрүндө жарыя кылынган билдирүү менен тастыктап алды.
2 – Кийинки жолугушуу февраль айында Женевада өткөрүлүшү жарыя кылынды.
3 – Алты жылдын ичинде ар кандай жырткычтыктан кайра тартпаган Асад режимине, Иран хизбине (Хизбулла), Ирандан келген дагы башка жалданма топторго жана Демократиялык биримдик партиясына каршы күрөшүү туурасында Астана жолугушуусунда бир да сөз айтылбастыгы, бул жолугушуунун чыныгы кожоюну – аты ачык айтылбаса да – АКШ экендигин көрсөтүп турат.
4 – Түркиянын бул жаатта ыӊгайсыздык сезбегенинен көрүнүп тургандай, бул жерде негизги маселе оппозицияны экиге бөлүп, бири-бирине каршы согуштуруу жана Сирия ынкылабын токтотуп, Асадды бийликте калтыруу.
5 – Халабдан кийин Сирияны толук бойдон жырткыч Асад режиминин колуна тапшыруу үчүн түзгөн пландары ушул ортоктош билдирүү менен расмийлештирилди.
6 – Мындан кийин оппозициялык топтор арасында бөлүнүү жана сүйлөшүүгө катышпагандарды саткын деп жарыялап, аларды жок кылууга аракет кылуу баскычы башталат.
7 – Сүйлөшүүгө катышкан топтор колонизаторлордун буйругу менен сүйлөшүүгө катышпагандарды кандай өлтүргөндүгүнө жана боордоштор аралык согушка күбө болобуз.
8 – Урматтуу жана кайраттуу Сирия калкы Астанада канкор режим менен бирге отуруп, келишим түзгөн топтордон бул кыянаттары үчүн албетте эсеп-китеп талап кылат.
9 – Москва келишиминен кийин уюштурулган Астана жолугушуусу Асад режиминин мыйзамдуулугун дагы да бекемдейт. Асад режими мындан кийин ишеним жана коопсуздукта жыргайт, ал тургай душмандары т.а. Астана сүйлөшүүлөрүнө катышкан оппозициялык топтор Асадды коргоочу күчтөргө айланышат.