Америкадагы президенттик шайлоодо Трамп кантип жеңишке жетти?

318
0

Америкадагы президенттик шайлоодо Трамп кантип жеңишке жетти?
Суроо:
Мен бир суроого канааттанарлык жооб таба албай койдум. Ал суроо: Трамп шайлоодо Клинтондон кантип бир кыйла ашык добушка ээ болду? Маалым болгондой, 8-ноябрдагы президенттик шайлоого карата өткөрлүлгөн жалпы сурамжылоолордун жыйынтыгында, Клинтон Трампка караганда бир топ алдыда эле. Ошондой эле, Трамптын шайлоо кампаниясындагы билдирүүлөрү бардык тараптарга карата курч мүнөздө айтылды. Европага, Кытайга, Саудияга, жалпы мусулмандарга жана Кореяга карата курч мүнөздө айтылды. Ошол эле учурда, Орусияга жана Башар Асадга карата берген билдирүүлөрүндө аларды мактады. Бул дегени, Американын саясатынын, айрыкча, Сирия жаатындагы саясатынын өзгөргөндүгүн түшүндүрөбү?
Аллах сизге жакшылыктарды берсин
Жооб: суроонун жообу айкын болушу үчүн төмөнкү нерселерди карап чыгуу зарыл
1. Америкадагы шайлоо мыйзамдары адамдардын жалпы пикири жана добуштарынын саны эсептелишине тескери келет. Анда 538 мүчөдөн турган шайлоочулар коллегиясында ар бир штаттын белгилүү бир добуш саны болот. Бир штатта 1% менен жеңишке жетишкен талапкер ошол штаттын бардык добушуна ээ болот. Мисалы, эгер штаттын 2 миллион жашоочусу болсо, ал штаттын шайлоочулар коллегиясында 20 добуш болот. Эгер ушул штатта талапкерлердин бири 51% ал эми экинчиси 49% добушка ээ болсо, 51% добуш алган талапкер шайлоо коллегиясында ушул штаттын бардык 20 добушуна ээлик кылат. Тактап айтканда 51% алган талапкер өзүнүн ээ болгон 11 добушуна эле ээлик кылбастан, 49% алган талапкердин 9 добушуна да ээлик кылып, бул штаттын 20 добушуна толук ээ болот.
Мына ушундайча, талапкерлердин бири шайлоочулар тарабынан көп добушка ээ болсо да, бирок шайлоочулар коллегиясында көп добушка ээ болбой калат. Мындай абал штат жашоочуларынын көптүгүнө жана анын шайлоочулар коллегиясында канча добушка ээ болушуна, ошондой эле, ошол штатта талапкердин атаандашына салыштырмалуу жеңишке жетүүсүнө байланыштуу болот.
Ал эми жалпы сурамжылоолорго келе турган болсок, анда шайлоочулар коллегиясынын добушу эмес, элдердин добушу эсептелет. Ошондуктан, биз жогоруда баяндап өткөндөй, көпчүлүк элдин добушу шайлоо коллегиясынын көпчүлүк добушуна тескери келип калат. Мындай абал биз күбө болгондой иш жүзүндө жүз берди. Клинтон жалпы элдин көпчүлүк добушуна 60 556 142 (47,6 %)га ээлик кылды. Бирок шайлоочулар коллегиясында 232 добушка ээ болду. Ал эми Трамп жалпы элдин азыраак добушуна 60 116 240 (47,3%)га ээлик кылды. Бирок шайлоочулар коллегиясында 306 добушка ээ болду… ( Америкадагы президентик шайлоо 2016 08 11)
Бул бир тараптан болду. Ал эми башка тараптан алсак, талапкерлердин саясий, финансы, коопсуздук жактан таасирдүүлүгү о.э. талапкерлердин эч бир нерсени эсепке албастан иштеткен айла-амалдары да рол ойнойт. Бул иш-аракеттердин баары шайлоочуларды бир тарапка буруп жиберүүгө өбөлгө болот. Мисалы, Клинтонго карата иштетилген айла-амал шайлоодо таасир берди. ( ФБРдин экс-директору Жеймс Коми шайлоого он бир күн калганда Клинтондун электрондук баракчасына байланыштуу жаңы иликтөөнү жарыя кылды… “Би Би Си арабий” 2016 11 13) Клинтон буга карата билдирүү да берди. “Менин тышкы иштер министирлигин аркалап турган чагымдагы электрондук баракчама байланыштуу иликтөөнү Жеймс Коминин шайлоо алдында жарыялоосу шайлоо кампаниясына катуу таасир этти”. Ал кошумчалап дагы мындай деди “Жеймстин шектенүүлөрүнө эч кандай негиз жок жана алар чындыкка дал келбейт. Анын мени айыптай турган бир да далил таба албаганы белгилүү болду. Бирок ал шайлоо натыйжаларына кыйыр түрдө таасир берди”( Би Би Си 2016 11 13). Кийин республикачылар – демократтардын башкаруу доорунда Американын эл аралык майдандагы даражасы түшүп кетти, ошондуктан, аны куткарып калуу үчүн ал өзгөрүүлөргө мухтаж – деген абалды да жаратышты. Мисалы, өткөн март айында жана сентябрь айында мурунку вице-президент Дик Чейни жана анын Америка коргоо министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеп келген эжеси Лиза Чейнилер жазган “Америкага дүйнө мынчалык мухтаж” деген китептен үзүндүлөрдү жарыя кылышты. Анда мындай деп келет. “Тилекке каршы, күн санап тероризм коркунучу күчөп, биз чоң коркунуч алдында турганыбызда, Обама күч түзүмдөрүбүздү кыйла алсыратып, союздаштарыбыздан кол үздү. Душмандарыбыз бизге каршы батына баштады”. Бул аракеттер өз кезегинде ар бир талапкердин жашыруун финансылык чөйрө жана саясий чалгындоо таасирлерине кошумча дем -күч болду! Кийин жөөт лоббилеринин добуштарына ээ болуу аракетин ишке салышты. 2016 05 11 “Израил бүгүн” деген сайттын электрондук баракчасында жарыяланган Трамптын билдирүүлөрүндө, “Трамптын илгертен Израилди жакшы көрөрү баса белгиленип” мындай делген: “Биз Израилди коргойбуз, силер эсиңерден чыгарбагыла, Израил аймакта биз үчүн зор үмүттүн чеби. Ошондуктан, Израил өтө маанилүү”. Ошондой эле ал Америка элчиканасын Тель-Авивден Иерусалимге (Куддуска) көчүрүүгө убада кылган.
2. Капиталистик өлкөлөрдө, айрыкча, Америкада шайлоо кампанияларында талапкерлер бири-биринин “кирин жышып чыгаруу”ну мүмкүн болушунча ишке салышат. Алар бул жаатта бири-биринин абийирин төгүү, сөгүү, каталарын чукулоо сыяктуу паскечтиктерде ат салышат. Бул жолкусу болсо мурункуларынан ашып түштү. Бул шайлоо талапкерлери деңгээлинин төмөндүгү, жеке шахска асылышып, бири-биринин айыбын чукугандыгы менен белгилүү болушту. Бул талапкерлердин бирөөнөн да Америка башында үйүлүп жаткан көйгөйлөрдүн чечимдерин көтөрүп чыкканы көрүнбөдү. Америкалыктар кайсынысы кайсынысынан жаманыраак экендигин айырмалай албай калышты. Мындай абал Американын кулап бара жатканынан кабар берет. Ошону менен бирге эле, Американын ички-сырткы, экономикалык көйгөйлөрү үйүлүп калган. Буга кошумча, Америка коомчулугунда бөлүнүп-жарылуулар да бар экенин жана анын канчалык терең экендигин Трампка карата билдирүүлөрдөн кеңири көрүүгө болот. Трамптын партиялашы, мурунку тышкы иштер министири Колин Пауэлл Трампты мындай сыпаттады: “бул улуттук ар-намыска шек келтирген эл аралык жактан обочолонуп калган адам” ( би би си арабия 2016 09 14 ). Ал эми Хиллари Клинтонду болсо кээ бирөөлөр “президентикке жарабай турган таштанды” катары да баалап жиберишти. Буга анын тышкы иштер министри болуп турган кезинде жеке электрондук баракчасы аркылуу жашыруун маалыматтарды жөнөткөндүгү жөнүндөгү кабарлар жарыкка чыккандыгы себеб болду. “Американын ФБР кызматы Америка президенттигине талапкер Хиллари Клинтонду – анын Америка мамкатчысы болуп иштеп турган чагындагы жеке электрондук барагындагы маалыматтары тууралуу суракка алды. Адилет министирлиги Хилларинин бул кайдыгер иштеринде кылмыш изи бар же жок экенинин караштырды”. (БИ БИ СИ арабия” 2016 07 02) Мына ушул Американын жүзтөмөн кулап бара жатканынын белгиси. Ал Американын Хиллари менен Трамптан башка татыктуу талапкер таба албай калганында. Бул экөө алардын назарында татыктуу деп табылып жатканында. Бул дегени Американын жакынкы аралыкта кулоо дооруна карай сүңгүшүнөн кабар берет. Бул шайлоо айлампаларында талапкерлердин бири-биринин “ кирин чыгаруу” тарабынан болду…
Ал эми талапкерлердин билдирүүлөрү канчалык деңгээлде ишке ашарына келсек, ал республикачылардын бой көтөрүп текеберленишине жана демократтардын митайымдык кылып алдашында жатат… Ар бир талапкердин шайлоодо берген билдирүүлөрү утуп чыккандан кийин ал билдирүүлөрдүн ишке ашып кетишинен кабар бербейт. Буга бүткүл дүйнө жүзү күбө болду. Мисалы, Обама шайлоо маалында толтура убадаларды берди. Гуантанамону жабам деп убада берген эле, Обаманын акыркы мөөнөтү бүтүп баратат, бирок “Гуантанамо” болсо дагы деле иштеп жатат! Ушул сыяктуу, Трамп да өз билдирүүлөрүндө сөз менен ойноду:
Трамп 2015-жылы декарбда “жалпы мусулмандардын Америкага кирүүсүнө тыюу салууга, алардын динин айырмалап бере турган документтин болуусуна жана алардын толук маалыматын камтыган өзүнчө маалымат базасын түзүүгө, ошондой эле, мечиттерди тыкыр көзөмөлгө алууга чакырык таштаган” ( БИ БИ СИ 2015 12 17). Бирок, кийин ал бул убадасы тууралуу “ал болгону сунуш гана болчу…” деп тим болду ( Алжазиира нет 2016 11 11). Бирок, келечекте мунун сөзү аткарылбай калса да, тилекке каршы, мусулмандарга карата кысым, коркутуп-үркүтүү ыкмалары ишке салына берет.
Иран өзөктүк планы боюнча. Трамп бул келишимди жокко чыгарарын билдирди. Бирок андай кылып жибериши күтүлбөйт. Анын Иранга карата катуу позицияда болумуш этип көрүнүүсү – элдерде ал Иранга каршы экен деген алдамчы түшүнүктү пайда кылат. Ушул эле учурда, ал Иран Американын кареги менен тең айланарын жана анын саясатынын негизинде жүрөрүн жакшы билет. Ал өз сөзүнө өзү каршы иш кыларын да билет. Бул билдирүүлөрүн каршылаш тараптарын коркутумуш этүү жана мурунку башчылар кыла албаган нерсени кыла алам деген түр көрсөтүү иретинде, америкалыктардын туйгуларын козгоо үчүн жасады. Мындай ыкмаларды Трапм адаштыруучу ыкма катары колдонду.
Президенттикке тандалып алынган Трамп “CNN”ге берген маегинде Америкадагы үч миллион мыйзамсыз мигранттарды Америкадан чыгарарын билдирди… дагы кошумчалап: “Биз келечекте эмне кылабыз! Кылмышка шектүүлөрдү, кылмыштуу топторду, наркобарондорду өлкөдөн чыгарабыз. Алар эки же үч миллион болушу мүмкүн, аларды биз келечекте өлкөдөн чыгарабыз же түрмөгө отургузабыз. Алар бул жерге мыйзамсыз киргендер”, – деди. Сөзүн улап дагы мындай деди: “Чек ара бекитилгенден кийин иммигирация жооптуулары Америка ичиндеги мыйзамсыз мигранттар тууралуу жана Мексика менен Америка ортосунда дубал тургузуу маселеси жөнүндө токтом кабыл алат”. Трамп дагы кошумчалап: “Чек арага курула турган дубал толугу менен таштан болбошу ыктымал. Анын кээ бир бөлүгү коргондор менен, кээ бир бөлүгү учурга ылайыктуу тосмолор менен тосулушу ыктымал. Мен бул жаатта чебермин”, – деди ( Аль-хурату 2016 13 11)
Мындан көрүнүп тургандай, Трамп өз билдирүүлөрү менен ойноп жатат. Үч миллион мигрантты жалпысынан айтып, анан кайра аны өз-өзүнчө бөлүп айтып. Чек арадагы дубалды таштан деп айтып, анан кайра анын кээ бир бөлүгү таштан, кээ бир бөлүгү тосмодон болот деп, сөз оюнун ойноду. Ошондуктан, Трапмтын бул ыкмасы каршылаш тараптарды коркутутуу жана андан кайра кайтуу ыкмасы экендиги көрүнүп турат.
– Трамп НАТО боюнча берген мурунку билдирүүсүндө “НАТО өз пайдалуулугун жоготту” деген. “Эгер европалык союздаштары НАТО бюджетиндеги каржылык салымын толук сактоо жолу менен Орусия агрессиясына каршы тура алса, Вашингтон Европа тарабында туруп кийлигишерин” белгилеп өткөн («AFP» Халиж гезити, 2016 11 11 )
Кийин болсо, ушул маселе боюнча учурдагы президент Обама: “Трамп НАТОнун күчтүү бойдон калуусун колдорун” билдирди. (БИ БИ СИ арабия 2016 11 14)
3. Ал эми, Америка үчүн негизги маселелер боюнча Трамптын учурунда андан мурунку президент ишке ашырып жаткан саясат өзгөрүшү күтүлөбү дегенге келсек, мында саясаттын негизи да, багыты да өзгөрүүсү күтүлбөйт. Болгону, ыкмалар гана өзгөрүшү мүмкүн. Америка системасы көптөгөн мекемелер аркылуу көзөмөлдөнүп барылат, алардын ар биринин күчөп, алсызданып тура турган ыйгарым укуктары бар. Мисалы президент, анын администирациясы, Пентагон, конгресс, улуттук коопсуздук кеңеши, коопсуздук кызматы… мына ушулар Американын негизги саясатынан алыстап кетпешин көзөмөлдөп турат.
Бул тунук болушу үчүн, аны суроодо келген Сирия маселеси аркылуу карап чыгабыз:
– Обама жең ичинен Башарды колдоого алды. Бирок муну жарыя кылбастан, балким, Башар үчүн Сирияда келечек жок… Башар менен сүйлөшүүгө болбойт… Башардын сүйлөшүүлөргө катышуусуна тосуктар жок, бирок анын убактылуу өкмөттө орду жок… Башардын убактылуу өкмөттө болуусуна тосуктар жок, бирок, убактылуу өкмөттөн кийин Сирия өкмөтүндө орду жок… Акырында, Башардын президентик шайлоого катышуусуна тоскоолдук жок!!! деп, билдирүүлөрдү берип жатты. Ал эми Трамп мунун баарын бир эле сөз менен балп эттирди: “Тероризмге каршы күрөшүү – бул Башарды эмес, терроризмди жок кылууга каратылган”. Гардиан газетасы мындай деди: “Трамп Сирия кризисин чечүүдөгү анын абзел туткан саясаты – Сирия жана Орусия менен союздаш иш алып баруу аркылуу ИГИЛди биротоло талкалоого каратыларын кайрадан баса белгиледи”. Уолт Стрит журналы “Трамп Асадды жакшы көрбөшүн, бирок анын режимин күчөтүү аркылуу Америкага коркунуч туудуруп жаткан, Сириядагы жарандык согуш эсебинен өсүп жаткан экстремизмди жок кылуу эң абзел жол экенин белгиледи” – деп жарыялады. (Аль-жазиира 2016 11 13). Трамп өткөн июль айында Нью-Йорк таймс” гезитине берген маегинде Сирия кризиси тууралуу пикирин билдирип: “Биз Асаддан мурун ИГИЛден кутулушубуз керек” – деген. Ал эми шайлоо айлампасы учурунда, Трамп Сирия менен Иракка ИГИЛге каршы күрөшүү үчүн он миңдеген АКШ жана НАТО аскерлерин жиберерин убада кылды. “Анба явм” кабар агентиги (2016 11 04) Трамптын билдирүүсүн басып чыкты: “Биз аскерий кубатыбызды Америка жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл учурда колдонобуз”. Бул сөздү Трамптан мурунку Америка башчылары да айтышкан эле. Алар Америка коомуна коркунуч жаралды деген шылтоо менен, эч уялбастан, аны карандай калптан токуп чыгып болсо да, жырткычтарча душмандыктарын ишке ашырарына тарых күбө!
Ошондой эле, Обама оор курал-жарактарды Сирия оппозициясына берүүнү тыйып, себебин террористердин колуна түшуп калат деген шылтоо менен байланыштырган эле. Трамп болсо опозицияга курал-жарак бербешин – ал куралдар террористердин колуна түшөбү-түшпөйбү айырмасы жок – бир ооз сөз менен дагы балп эттирди. Гардиан гезити Трамптын “Американын Сирия оппозициясына колдоосу бүткөндүгүн жана Сирия оппозициясы Америкадан жардам сураса да, курал-жарак берүү ниети жок экендигин” билдирген сөзүн басып чыккты. (Аль-жазиира 2016 13 11)
Обама Европаны Сирия маселесинен алыстатты. Кийин Лозаннадагы жыйынга да чакырбады. Акыркы күндөрү аларды ыраазы кылып коюш үчүн, ач курсакты тоюндурбаган жыйынга чакырып койду… Трампты болсо аларды ыраазы кылуу кызыктырбады. Балким, аларды теңине албастан, алардын кайтарып берер жообун да көңүлгө албастан, аларга карата ач айкырык салууда. Франция президенти Олланд Трамп тууралуу мындай деди: “Ал менин көнүлүмдү айнытат”. Британия ТИМи Борис Жонсон болсо Трампты “таптакыр башкача” деп сыпаттады. Италия өкмөт башчысы Ренци болсо, Трампты “коркунуч саясатын таратуучу” деди. Евро парламентин төрөгасы Мартин Шулц “ Трамп Европага эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө коркунуч” деди. (Шаркул авсад гезити 2016. 11. 11) Германия коргоо министири Ляйен Урсула фон дер 2016 11 11 Zed TV. De. F немис телеканалына берген маегинде, Трамптын “Эгер европалык союздаштары НАТО бюджетиндеги каржылык салымын толук сактоо жолу менен Орусия агрессиясына каршы тура алса, Вашингтон Европа тарабында туруп кийлигишет” деген билдирүүсүнө жооб берип мындай деди: “Өткөндүн эч кандай кыйматы жок деп айтууңуз мүмкүн эмес. О.э. шериктеш болуп иштешүүнүн да зарылчыгы жок деп, анын эсебинен НАТО уюму аркылуу акча иштеп калууңуз да мүмкүн эмес. Анткени, НАТО соода уюму же компания долбоору эмес” (Ройтерс 2016 11 10)
– Обама Сирияда жырткычтарча кыргын кылууда Орусияга таянды. Бирок, Орусиянын Сириядагы кыргынына каршы “крокодил көз жашы” сымал билдирүүлөрдү берди! Ал муну менен оппозицияны алдады… Трамп болсо Орусияга ачыктан-ачык таянарын билдирди. Путинди Обамадан, Клинтондон да алдыга коюп мактады! Ал мындай деп айтты: “Путин биздин мамбашчыбызга караганда бир кыйла жектекчи адам…” ( БИ БИ СИ арабия 2016 11 14). Трамп дагы: “Путин Клинтонго караганда акылдуу. Клинтон Сирияда Путинден жеңилди” – деди. (Скай ньюс арабия 2016 10 20 ). Мына ушундайча Обама да, Трамп да Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында Орусия менен ар түрдүү ыкмалар аркылуу иштешип жатат. Бул иштешүүдө аларга СССР сыяктуу ири мамлекетке айланууну эңсеген Орусиянын чолок кыялы жардам берүүдө. Трамптын жеңиши жарыяланган учурда Орусия парламентинин кол чаап куттуктоосу Орусиянын аңкоолугун дагы бир жолу тастыктады!
Ушулардан айкын болгондой, Американын саясатындагы негизги сызык – республикачылар болобу, демократтар болобу – айырмасы жок, өзгөрбөйт. Болгону, ыкмалар гана өзгөрөт.
4. Мунун себеби, эки партиянын жаралуу дооруна барып такалат. Республикачыл партия “демократия” деп эле айкыра бергенди анча жактыра бербейт. Ал көбүнчө текебердик, кекирейүү жолун тутунат. Бул партиянын көпчүлүк бөлүгү ушул чөйрөдөн куралган жана дагы деле партияда ушул чөйрөнүн адамдары үстөмдүк кылат.
Мындай “өгүз өкүрүк” идеясы көбүнчө күчкө таянган, өлтүрүү, кыргын, сүргүн, жардыруу, тартып алууга ыктаган адамдарда кездешет. Мындай адамдардын оюнда эч ким аларга каршы чыкпай, атаандашпай, балким, кыңк этпей аларга гана моюн сунушу керек. Бейкүнөө адамдарды өлтүрүү алар үчүн кылмыш эсептелбейт. Алар өздөрүн гана кожоюн деп билишет. Курал колдонууну жана аны каалаганына каалгандай колдонууну эң жакшы билишет. Биринчи күнү АКШ сенаты демократтардын “курал сатып ала турган кишинин психологиялык жактан жана кылмыштуулук таржымалы иликтенишин дагы да кеңейтүү сунушун четке какты. Республикачыл сенаторлор (2016 06 20) демократтар жылдар бою даярдап келген сунушка каршы добуш беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 44 колдоп, 56 каршы добуш берүү менен аяктады ( Россия сегодня 2016 06 21). Мына ушундайча республикачылар куралга ээ болуу жолдорун жолго салууну каалашпайт. Анткени, республикачылар партиясына курал өндүрүп чыгарган лоббилер кожоюндук кылышат. Мына ушул өңүттөн алар Трампты күчтүү шахс катары алып келишти. Трамптын “өгүз өкүрүгү” аркылуу Американын жоголуп бараткан айбатын калыбына келтиришмекчи. Ал өзү айтмакчы “мен алдын ала ал адам тууралуу бирөө бир нерсе айта албай тургандай адам болгум келет” (Ройтерс 2016 11 10). Кийин Америка саясатын башкалар кабыл алуулары жана ага каршылык билдирбей кыңк этпестен моюн сунуулары үчүн, аларды коркутуу ыкмасына өтөт. Мына ошондуктан, Трамптын билдирүүлөрү чар тарапты өзүнө каратты! Ислам жана мусулмандарга ачык душмандыгын көрсөттү… Кытай жаатында бир аз жумшарууга барды… Түштүк Корея, Саудия, Иран сыяктуу малайларына да кабагын салды… Европага карата ач айкырыгын салып, өзү билемдигин көргөздү! Бул бой көтөрүү жана текебердик ыкмасынан болду. Ошондой эле, эки орунда соода ыкмасын да ишке салды. Биринчи орунда пайда табууну көздөдү. Экинчи орунда Америка утушка жетишин максат кылды. Бул эки орун анын билдирүүлөрүнөн анык көрүнүп турат.
– Саудия бай өлкө, анын саясий жана коопсуздук жагы биз тараптан камсыз болгондуктан, ал бизге акча төлөшү керек. Ал мындай деди: “Саудия жакында кыйынчылыкка учурайт. Ал биздин жардамыбызга муктаж болот. Эгер Америка болбогондо, Саудия болмок да эмес жана ал дагы жашап кетиши үчүн бизге мутаж…” (NBC каналы 2016 08 19). Бул Американын өзүм билем талап-тоноочулугуна жана Саудиянын Америкадагы казыналарын толук тартып алууга болгон кадамы. Мындан башка дагы, Америка конгресси “Gasta” аталышындагы мыйзам кабыл алды. Ал мыйзамдын негизинде Саудия 2001 09 11 Нюь-Йорктогу соода борборундагы жардыруулардын компенсациясын төлөп бермекчи.
– Трамп шайлоо кампаниясы маалында, Түштүк Корея акыркы мезгилдеги аскердик чоң көлөмдөгү чыгымды төлөбөгөндүгү себебтүү, Түштүк Кореядан Түндүк Корея корунучунан сакташ үчүн койулган 28500 Америка аскерин чыгарып кетүүгө кызыкдар экендигин да билдирди.
– Европадан НАТОнун негизги чыгымдарын төлөөнү талап кылып мындай деди: “НАТО өз пайдалуулугун жоготту”. “Эгер европалык союздаштар НАТО бюджетиндеги каржылык салымын толук сактоо жолу менен Орусия агрессиясына каршы тура алса, Вашингтон Европа тарабында туруп кийлигишет”( AFP Халиж гезити 2016 11 11)
– Климат боюнча мындай деди: “Айлана-чөйрөнү коргоо деп компаниялардын иштеп чыгаруусуна чектөөлөрдү коюу – алардын ааламдагы атаандаштыкка катышуусуна кедергисин тийгизип жатат”. Климат өзгөрүп жатат дегенди жөн эле алдамчылык катары баалады. Мына ушундайча Трамп жана анын тарапташтары акчаларды ушундай жолдор менен тартып алууну баштагандыгын көргөзүп турат.
5. Ал эми демократтарда болсо, алдамчылык жана демократия деп куу сүрөөн салуу устөмдүк кылат. Англис ыкмаларын колдонууга басым жасайт. Ал сүткө уу кошуп берип, күлүмсүрөп карап турат. Республикачылар түздөн-түз азуу менен өлтүрүүнү ыкма катары колдонсо, демократтар кебез менен мууздайт… Ошондуктан, демократ башчылар карапайымдарды алдап ээрчитип кеткенге маш. Мунун каршысында республикачылар алдап олтурушпайт, душмандыгын ачык көргөзүшөт. Алыс барбай эле, жакынкы аралыктагы Америка башына келип кеткен Америка мамбашчыларынын тарыхына кайрылсак, бул нерсе айдан ачык болот. Рейган, Никсон, чоң Буш, кичи Буш – баардыгы республикачылардан. Алар айрыкча Ислам жана мусулмандарга каршы азуу тиштерин жана текеберликтерин ачыктан-ачык көргөзүштү. Кенеди, Картер, Клинтон, Обама – баардыгы демократтар. Алар Ислам жана мусулмандарга карата айла-амал, адаштыруу, чалгытуу ыкмаларын иштетишти. Буш “кресттүүлөр жортуулу” деп айтса, Обама Каирде Кураан аятын келтирди. Негизи, экөө тең Ислам жана мусулмандарга каршы душмандык кылышат! Ошондуктан, биз жогоруда айтып өткөндөй, демократ башчылар карапайымдарды алдаганга абдан маш келишет. Ал эми республикачылар болсо, алдаганга баш катырып отурбастан, ачыктан-ачык душмандыгын көргөзүшөт.
6. Биздин айткандарыбыз булардын шайлоо алдындагы көрнөк-жарнак чакырыктарында да чагылдыргылган. Тээ 1870-1874 жылдары, теги Германиялык болгон америкалык Томас Насттын Америка карикатурасында да бул айырмачылык даана чагылдырылган. Ал карикатурада арстандын кебетесин кийген эшек айланасындагы айбанаттарды коркутуп жаткандыгы жана алардын арасындагы чоң пил айланасында эмне болсо анын таш талканын чыгарып жатканы чагылдырылган. Кийин эшек демократтардын символу болуп, пил республикачылардын символу экени чагылдырылган. Ушул эки символ бул эки партиянын элесин чагылдырып турат. 2008-жылкы шайлоо кампаниясында эки сүрөт чыккан. Алардын биринде эшекке демократтардын урааны жазылып, анын үстүнө сары көйнөкчөн аял (Хиллари) минип, анын артына кара күрөң тустөгү бала ( Обама) учкашып, экөө узун таяктын башына байланган сабизди эшекке берип жаткандыгы тартылган. Бул сүрөт демократтардын шайлоо кампаниясы маалында “кызыктыруу жана коркутуу” стратегиясын чагылдырган сүрөт эле. Мунун каршысындагы экинчи сүрөттө, республикачылар талапкерлери Жон Маккейн жана Митти Ромнинин пилге минип, жоон таяк менен аны уруп жатышкандыктары чагылдырылган. Бул сүрөт неоконсерватор республикачылардын шайлоо компаниясы алдындагы “чечкиндүүлүк жана күчкө салуу ” стратегиясын чагылдырган сүрөт эле.
Мына ушундайча республикачылардан чыккан Трамптын ураандары жаңылык эмес, ал баштапкыларынан айырмаланбаган ураандар. Болгону, шахсий гана өзгөчөлүктөр бар болбосо, жалпысынан республикачылардын стратегиясы сакталат. Ошондуктан, ар бир партиянын талапкерлери өзүнүнүн шахсий өзгөчөлүгүнөн башкасында жалпы жөнүнөн партиянын стратегиясына ылайык иш алып барат.

Корутундулап айтканда:
А) Обама алып барган Америка саясаты Трамп учурунда көңүл бурарлык деңгээлде өзгөрбөйт. Балким, кандай болсо ошондой бойдон улантылат. Айрыкча, Сирия кризиси жаатында, Ислам жана мусулмандарга карата да – республикачы же демократ болобу – айырмасы жок, өзгөрүүсүз калат. Анткени, Американын саясаты ыйгарым укуктары күчөп-азайып турган Америка мекемелери аркылуу көзөмөлдөнөт…
Б) Шайлоо кампаниясы алкагындагы берилген билдирүүлөр эл аралык же сырткы алакаларда аткарыла берет дегенди түшүндүрбөйт.
В) Америка өзүнүн системасына каршы болгон мусулмандарга карата жана Европага карата да Орусияны ишке сала беришин келечекте дагы улантат. Анткени, Америка Европаны, өздөрү айткандай, “Америка – агасы, Европа – иниси” болгон абалга кайтарууну каалайт. Америка таасири бар аймактарда анын саясатына каршы чыгып, аны ташбишке сала берүүдөн Европаны токтотууну каалайт. Ошондой эле, Америка Европанын өз алдынча саясий, экономикалык жана аскерий күчтүү вужудга айлануу аракетинен кол жуудурууну да каалайт.
Г) Американын азыркы жаңы стратегиясы өзү душман деп эсептегендин баарын коркутуп-үркүтүүгө негизделген. Ошондой эле, текебердик, теңсинбөө ыкмасын ишке салат. Ошондуктан, өзүн сыйлаган мамлекет Америкадан коркпостон, анын кысымына баш ийбестен, аны менен теңтайлаш саясат алып барып, аны аймактардан чыгарып жибергенге аракет кылышы зарыл. Анткени, Амеркиканын буркан-шаркан көрүнүп жаткан стратегиясы, түпкүлүгүндө, “өзү сайда, көзү айда” абалында. Америка Буштун маалында, өзүнүн туу чокусуна жетип турган мезгилинде, Франция башка өлкөлөр менен биргеликте ага каршы ок түзгөн жана ал аркылуу Америкага таасир бере алган. Азыр ал жүз төмөн кулап бара жатканда, мындай кылуу андан да жеңил?!
Д) Трамп башчылыгындагы Америка администрациясы келечекте жулуп алуу ыкмасын ишке салат. Анын мындай кылары Трамптын билдирүүлөрүнөн ачык көрүнүп турат. Ал айрым бир өлкөлөрдү ачык эле тоной баштайт. Американын мындан башка айласы да калбады. Ошондуктан, башка мамлекеттер мындай ыңгайлуу учурдан пайдаланып, Американын жулуп алуу ыкмасына моюн сунбашы зарыл, тескерсинче, ага каршы массалык пикир пайда кылып, ага тең ата саясат алып баруусу керек.
Ж) Ал эми козголоң кылып жаткан Исламий Үммөт – бул Американын кекиртегине сайылган бирден бир найза жана ага каршы күрөшүүдөгү омуртка-бел. Бул козголоң Американы түшүнөн чоочута турган болду. Ошондуктан, Исламий Үммөт козголоңун, күрөшүн улантышы зарыл. Америка эле эмес, бардык колонизатор күчтөр Аллахтын жардамы менен жеңилет. Ооганстан, Ирак кумдарында Американын мурду жер сайды… Билип койгула, Американын абалы мына-мына үзүлөйүн деп калган жөргөмүштүн желесинен да алсыз. Анткени, ал кулоого карай бет алган. Бирок Үммөт Америка малайларынан сак болуулары керек. Мына ушулар Американын мусулман жерлерине бут коюусуна өбөлгө жаратып бергендер. Үммөт чыныныгы куткарууга, азат кылууга алып бара турган аң-сезимдүү калыс адамдар тарабына өтүп, аларга бул иште жардам берүүлөрү ваажиб.
– “Силер адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. Жакшылыка чакырасыңар, жамандыктан кайтарасыңар, Аллахка ыйман келтиресиңер“
“… кийин зордукчул падышалык болот, ал Аллах каалаганча болот, Аллах каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот. Андан кийин сүкүт сактады…” Абу Дауд риваяты. Бул иш Аллахка кыйын эмес.

Ато абу Рушта 2016 18 11

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here