Жол кырсыгында каза болгондордун жакындарына таъзия
“Азаттык” радиосу кабарлашынча, 15-январга өткөн түнү Россиянын Нижний Новгород-Саратов жолунда жол кырсыгы катталган. “Вольво” үлгүсүндөгү жүк машина менен кыргыз номурлуу “Тойота версо” жеӊил машинасы сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында “Тойота версо” машинасынын ичиндеги жети адам каза болгон.
Алгачкы маалыматтар боюнча, жүк машинанын айдоочусу машинаны башкара албай калып, карама-каршы жолдо келе жаткан “Тойота версо” женил машинасын сүзүп алган.
Кыргызстандын Россиядагы элчиканасы Нижний Новгород-Саратов автожолундагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнүн аныктады. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгон жети адамдын төртөө Кыргызстандын жараны болгон. Алар:
-Алмазбек Анашев, Өзгөн районунун тургуну, 1974- жылы туулган;
-Дөөлөтбек Боронов, Сузак районунун тургуну, 1985-жылы туулган;
-Жазгүл Касымова, 1983-жылы туулган (жашаган жеир аныкталууда);
-Айдарбек Молдошев, Базар-Коргон районунун тургуну, 1970-жылы туулган.
Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлү Жусуп Турдумаматовдун билдиришинче, каза болгондордун арасында Өзбекстандын эки, Тажикстандын бир жараны болгон.
“Албетте, бардыгыбыз Аллахтыкыбыз жана албетте бардыгыбыз Ал Затка кайтуучубуз” [Бакара 156]
Биз Туркистон сайтынын кызматкерлери, Ырайымдуу Аллахтан ата-энесин, балдарын калтырып ырыскы табуу үмүтүндө алыс сапарга чыккан жана жолдо күтүүсүз кырсык себептүү каза болгон мекендештерибиздин күнөөлөрүн кечирип, кылган солих амалдарын жолдош кылуусун сурайбыз.
Алардын жакындарына, тууган-уругу жана үй-бүлөсүнө о.э. бардык досторуна тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин. Аллах сиздерди сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.
“Сабыр кылгыла! Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге!” [8:46]