Өзбекстан коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кыргызстанда жүрүшөт

265
0

Өзбекстан коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кыргызстанда жүрүшөт

 Өзбекстандын коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын түндүк жана түштүк борборлорунда жүрүшкөнү тууралуу кабарлар пайда боло баштады

Ушул күндөрдө Ош облусундагы “Достук” чегара постунан өзбекстандык чиновниктер өтүп келишти. Конокторду Оштун губернатору жана бир катар министрлер тосуп алышкан. Бир нече күндөн бери Ош жана Бишкек шаарларында Өзбекстан коопсуздук кызматынын кызматкерлери жүрүшкөнү тууралуу кабарлар жайыла баштады. Ушул күндөрдөгү аналитика жана кээ бир жашыруун кабарларга ылайык, Өзбекстан жана Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү биргеликте террордук операция уюштурмакчы болуп жатышат деген кабар жайылууда.

Эки мамлекеттин атайын кызматкерлери Кыргызстанда биргеликте аракеттенип жатышат. Кызматташтыктан көздөлгөн максат, албетте экономикабызды өнүктүрүү жөнүндө болбойт. 2006-жылы Жаныш Бакиев башчылыгында ушул сыяктуу кызматташтык операциясы уюштурулуп, натыйжада Орто Азияга белгилүү имам Рафик кары Камалов атып өлтүрүлгөн эле. Бул жолку кызматташтык да жакшы иштерди көздөбөйт. Бул атайын кызматтын кызматкерлери, албетте ири мамлекеттердин буйругу менен келишкен. Максаты эмне? Алар максатына жетүү үчүн эмнелерге кудуреттүү жана иш жүзүндө эмне кыла алышы мүмкүн?

Алар Кыргызстанда да 1999-жылы 16-февралда Ташкентте уюштурулган террордук операция сыяктуу бирер коркунучтуу ишти кылууга даярданып жатышат. Мындан көздөлгөн максат, Ислам жана мусулмандарга жалаа жабуу менен бийликти мусулмандарга каршы күчтүүрөөк репрессивдик аракеттерге үндөө. Кадыр Маликов “террорчулар эми чиновниктерди, мамлекеттик мекемелерди же орган кызматкерлерин бутага алышы мүмкүн” деген мазмунда билдирүү берди.

Бул аракеттердин Өзбекстан режими экиге бөлүнүп бара жаткан саясий келишпестиктерге да байланышы бар. Т.а. Мирзиёев менен Инаятов коопсуздук режимин жаӊыртуу же эскисин сактап калуу маселесинде келише албай жатат.

Мирзиёев Атамбаев менен жолугушуп, эки мамлекеттин ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу кеӊешкен эле. Бирок, бул кеӊешүү жана Мирзиёевдин экономикалык өнүгүүнү көздөй бара жаткан аракеттери Инаятовго жакпай жатат. Себеби, Атамбаев андан мурда Каримов менен жолугушуп, Кыргызстанда авторитардык режим орнотуу жөнүндө жана ушул жолдо Өзбекстан аны колдоп турушу жөнүндө убадалашкан эле. Каримовдун өлүмү бул келишимдерди жокко чыгарды.

Инаятов өзү менен кеӊешилбеген жогорудагы келишимдерди жокко чыгаруу максатында, Өзбекстан-Кыргызстан кызматташтыгына каршы турган Батыштагы күчтөр менен тил бириктирип, Кыргызстанды башаламан абалга кептеп коймокчу болууда.  Максаты, өзбек бийлигинин өзүнө (коопсуздук системасынын үстөмдүгү негизиндеги режимге) муктаждыгын күчөтүү. Т.а. Каримовдун режимин сактап калууну көздөп жатат. Ал үчүн саясий чачыранды жана алсыз абалда турган Кыргызстанда Өзбекстан үчүн жасалма коркунуч жаратып алмакчы болот. Өзбекстан коопсуздук күчтөрү бул ыпылас ишке ушундай максат менен кошулушат деп ойлойбуз.

Түркиядагы террордук иштерде Кыргызстан жана Өзбекстанга жалаа жабылгандыгы; андан кийин Байсаловдун билдирүүлөрү жана аракеттери; учурда Кыргызстанда даярдалып жаткан террордук операциялар, – мына ушулардын бардыгы бул иштер тышкы үчүнчү күчтөр тарабынан уюштурулмакчы болуп жаткандыгына ишара кылууда.

Кыргызстан болсо, өзү үчүн пайдалуу болгон Кытай жана Өзбекстан менен кызматташуу иштерин күчөтүү аракеттеринде дүйнөлүк системанын назарына түшүп калды. АКШ баш болгон Батыш системасы Кытай жана Өзбекстанга Кыргызстанда сокку бермекчи болууда. Алар Кыргызстандагы орган кызматкерлерин мусулмандарга каршы багыттоо максатында, дал ушул күч түзүмдөрүнө тиешелүү кызыкчылыктарга сокку берүүнү көздөп жатышат.

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин атынан билдиребиз! Хизб эч качан элдин кызыкчылыгына каршы маддий аракет алып барбайт! Маддий (материалдык)  аракет анын тарыйкатында да, табиятында да жок! Себеби, Хизб элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн пайда болгон. Ал калктын кызыкчылыгы бир гана Исламда деп билет. О.э. Ислам –мусулмандарды эле эмес, бүтүндөй адамзатты т.а. кайры диндерди да жыргалчылыкка алып чыгуу үчүн Аллах тарабынан жиберилген дин деп билет. Ошондуктан, Хизб ут-Тахрир эч качан элдин кызыкчылыгына каршы барбайт.

Кыргызстанда исламий коркунуч жок. Мусулмандар да бири-бирине же бийликке каршы агрессивдүү абалда эмес. Ар кандай исламий коркунучтар куфр тарабынан пайда кылынууда. Мамлекетибизде террордук операция уюштурулушу мүмкүн болуп турат. Кыргызстан жарандарына кайрылып айтарыбыз, аларга ишенбегиле! Куфр мусулмандардын атынан террордук операция уюштуруусу күтүлүүдө. Мындай ишке, АКШ 11-сентябрь окуясын өзү уюштуруп, Ирак жана Афганистанды басып алганда күбө болгонбуз. О.э. Россия Чеченстанды басып алуу максатында уюштурган бир катар операцияларда күбө болгонбуз. Келтире берсек буга мисалдар көп. Тарых булардын баарынын жүзүн ачып жатат го!

Кыргызстандагы орган кызматкерлери да оӊтойсуз абалда калышты, себеби, эл аралык куфр системасы аларга басым өткөрүп жатат. Ошондуктан, калк өз кубатын куфр системасынан келип жаткан фитналарга каршы багыттоонун убагы келди. Байсаловчуларга каршы, “Кыргызстанда силер айтып жаткан коркунуч жок! Биз ички саясатыбыздагы проблемаларды өзүбүз чечип алабыз. Аралашпагыла, убара болуп мусулмандардын атынан жардырбагыла”, – деген мамиле билдирүүнүн убагы келди. Антпесек, алар жардыруу иштерин баштап жибериши мүмкүн!!!

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү.

16.01.2017.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here