Таъзия

310
0

Таъзия

16-январда эртеӊ мененки саат жети жарымдар чамасында Түркиянын авиакомпаниясына караштуу “Боинг-747” жүк ташуучу самолёту “Манас” аэропортунун жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиришинче, самолёт аэропорттун жанындагы Дача-Суу айылына кулаган.

Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан самолёт май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конууга аракет кылган учурда кырсыкка учураган. Кырсыкка учураган самолёт Түркиянын “АСТ Havayolları” компаниясына тийиштүү болгон.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, авиакырсыктын натыйжасында 37 адам каза болгон. Алардын арасында 6 жаш бала бар. Каза болгондордун 4 адам экипаж мүчөлөрү, калганы Кыргызстандын жарандары. 5 адам оор абалда ооруканага жаткырылган. 20дан ашуун үй-жайга зыян жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министри Қубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, авиакырсыкта 31 адамдын сөөгү жана 9 адамдын дене мүчөлөрү табылгандыгын билдирди.

Авиакырсыкка байланыштуу 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тийиштүү документке президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

“Албетте, бардыгыбыз  Аллахтыкыбыз жана албетте бардыгыбыз Ал Затка кайтуучубуз” [2:156]

Биз Туркистон сайтынын кызматкерлери, Ырайымдуу Аллахтан авиа кырсыкта каза болгон мекендештерибиздин күнөөлөрүн кечирип, кылган солих амалдарын өздөрүнө шерик кылышын сурайбыз.

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрирдин атынан алардын жакындары, тууган-уругу жана досторуна тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин. Аллах сиздерди чырайлуу сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.

“Сабыр кылгыла! Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге!” [8:46]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here