Обама Россияга каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты

327
0

Обама Россияга каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты

 “CA-NEWS” сайтынын кабарына таянсак, президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Барак Обама Крымды аннекция кылып алгандыгы себептүү Россияга каршы киргизген санкцияны дагы бир жылга узартты.

Обаманын айтуусунда, Россия Федерациясынын аракети жана саясаты АКШнын улуттук коопсуздугу жана тышкы саясатына карата өзгөчө коркунуч пайда кылууну улантууда.

Обама: “Ошол себептен улам, Украинага карата кабыл алынган №13660 –буйрукка ылайык, санкцияны узартуу зарыл деп токтом кылдым”, – деп айткан.

Мындан тышкары, Барак Обама Иран, Куба, Ливия, Зимбабве, Венесуэла жана “Жакынкы Чыгышта тынчтык жараянына коркунуч туудуруп жаткан террорчуларга” каршы санкциянын мөөнөтүн узарткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here