Казакстан Кыргызстандын эт жана сүт азыктарын өзүнүн аймагы аркылуу авто унаа менен алып өтүүгө тыюу салды
Казакстан 2017-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстандын эт жана сүт азыктарын өзүнүн аймагы аркылуу авто транспорт менен алып өтүүгө тыюу салды.
Кабарда келишинче, 15 ишкананын продукциясына тыюу салынган. Алар 2016-жылдын февраль айында Россиянын тизмесине киргизилген. Бул ишканалар продукциясын РФ аймагында сатуу укугуна ээ, бирок, Казакстандын тизмесине киргизилген эмес. Аларга продукцияларын темир жол транспорту аркылуу гана алып өтүүгө уруксат берилди.
Кыргызстан өкмөтү Казакстан бийлигине бул боюнча түшүндүрмө берүүнү сураган кат жолдоду. Айрыкча, казакстандыктар эмне үчүн айыл-чарба министрлиги транспорт тармагындагы саясатты белгилеп жаткандыгын түшүндүрүп бериши керек.
Кыргызстан министрлер кабинети ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына да кайрылды. Комиссия бул маселени 2017-жылдын 13-январында карайт.
Туркистон:
Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев ЕАЭБдин Санкт-Петерберургдагы жыйыны учурунда журналисттерге берген интервьюсунда, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу мамлекетке терс таасирин тийгизип жатканы туурасында билдирип, Бажы кодексине кол койгусу келбеген эле. Атамбаев муну, Казакстан ветеринардык көзөмөл шылтоосу менен Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын өткөрүүгө тоскоолдук кылып жаткандыгы менен түшүндүргөн эле.
Атамбаевдин бул аракетинен кийин Казакстан ветеринария тармагына техникалык жардам катары 100 миллион доллар бөлүүгө убада берип, андан соӊ президент Бажы кодексине кол койгон эле. Казакстан бийлиги Кыргызстанга убада кылган акча бөлүнбөй туруп, казак тарап дагы бир өнөрүн ишке салды. Эми Кыргызстандын эт жана сүт азыктары Казакстандын аймагынан темир жол аркылуу гана өткөрүлүшүн билдирди.
Россия башчылыгында түзүлгөн ЕАЭБ Казакстанга пайдалуу болду. Казакстан учурдан пайдаланып өзүнүн дыйкан жана ишкерлерин коргоо максатында Кыргызстандан ЕАЭБ базарларына өтүп бара жаткан кээ бир продукцияларга тоскоолдук кыла баштады. Т.а. өзүндө өндүрүлгөн продукцияларды ЕАЭБ базарларына жеткирип берип, Кыргызстандан келе жаткандарды дээрлик өткөрбөй жатат. Мындайда Кыргызстандагы дыйкан жана фермерлер банкрот болуп, жумушсуз калган соодагерлер сыяктуу, Россия жана Казакстандагы мигранттардын санын көбөйтүүдөн башка чарасы калбайт. Казакстан убада кылган 100 миллион доллардын берилишине караганда, берилбестиги аныгыраак.