Стамбулдагы террордук чабуул: Полиция кыргызстандык же өзбекстандык жаранды издеп жатат

301
0

Стамбулдагы террордук чабуул: Полиция кыргызстандык же өзбекстандык жаранды издеп жатат

Түрк укук коргоо органдары Стамбулда жаңы жылга караган түнү адамдарды атып салган террорчу Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны болгон деп эсептейт. Террордук чабуулдун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды.

Түрк полициясы Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган террорчу Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн деп эсептейт.

Мурда ЖМКлар болжолдуу шектүү кишинин сүрөтүн таратышкан — ал чын эле Борбордук Азиянын тургунунаокшош. Белгисиз себептерден улам азыр шектүүнүн сүрөтү алынып салынган.

39 кишинин өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алды.

ИГИЛдин жоочулары тараткан билдирүүдө «халифаттын аскери христиандар бутпарастык майрамды майрамдап жаткан клубга кол салганы» айтылат.

Террордук чабуул жаңы жылга караган түнү Стамбулдагы Reina клубундаболгон. Анда жүздөгөн кишилер бар болчу.

Киши өлтүргүч адегенде эшик кайтарып турган полиция кызматкери менен күзөтчүнү атып салып, андан кийин имаратка кирип барган. 39 кишини өлтүрүп, дагы 60ын жарадар кылып, кылмышкер полиция келгиче изинжашырып кеткен. Курал кылмыш болгон жерде калтырылган.

Киши колдуу болгондордун арасында 16 чет өлкөлүкболгон. Алар Орусиянын, Израилдин, Сауд Аравиясынын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болуп чыкты.

ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм. «Ислам мамлекети» Иракта жанаСирияда «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жанатуткундарга карата ташбоордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.

Туркистон:

Дүйнөдө, айрыкча Түркияда, Халабдагы (Алепподогу) кыргындардан кийин о.э. ал жердеги мусулмандарга карата Эрдогандын кыянатынан кийин мусулмандардын туйгулары жана куфрду жек көрүүсү күчөп кетти. Халабга Асад менен Россиянын бастырып кириши исламий туйгуларды ого бетер күчөтүп жиберди. Түркия бойлоп исламий нааразылык акциялары уюштурулуп, орус элчиси өлтүрүлдү жана калк Халабга карай жүрүштөрдү уюштура баштады. АКШ жана аны ээрчиген бардык куфр жетекчилери бул абалдан катуу тынчсыздана башташты

Бул исламий туйгуларды бастыруу, Шамга каршы согушуп жаткан куфр коалициясынын негизги проблемасына айланды. Эрдоган да ушул куфр коалиция менен бир кемеде. Алар октябрь айынан баштап Түркияда террордук операцияларды күчөтүп, 10-декабрда Стамбул стадионунун жанында жардырууларды уюштурушту. Жогорудагы операция да ошол Ислам жана мусулмандарга каршы түзүлгөн коалициянын иши.

Максаты, мусулмандарды чалгытып, илманий  жарандар катмарын исламий туйгуга каршы багыттоо. Исламий туйгулар таасири астындагы мусулмандарга каршы тазалоо иштерин ого бетер күчөтүү. Коомдогу исламий мухиттин таасирин сындыруу же убактылуу болсо да басаӊдатып туруу. Ошондуктан, куфр системасы өзүнүн сыноодон өткөн эски ыкмасы менен террордук операцияларды уюштура баштады.

Эми бул куфр коалициясы ИШИМди (ИГИЛ) мурунку “Ал Каида” сыяктуу дүйнө жүзүндө коркунучтуу террордук аракеттерди кылуучу исламий машина кылып көрсөтмөкчү болуп жатат. АКШ бул аркылуу “Сириядагы миллионго жакын жайкын тургундун өмүрүн алган согушту бекеринен уюштурган жокпуз, себеби алар дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге коркунуч туудуруп жаткан эле” демекчи болууда. Бирок, бул жомогу эскирди жана бул жомокторго ишенүүчү үммөт эми көзүн ачып, хазаратын жана акыйдасын таанып калды.

Ошондой болушуна карабастан, куфр системасы муну моюнга ала элек. Ал мусулмандардын атынан кайрыдиндерди же батышчыл мусулмандарды өлтүрө берет. Максаты, илманий мухитти сактап калуу. Анткени, куфрдун артындагы бирден-бир кубат азырынча ушул катмар болуп турат. Куфр дүйнөдө кыргынды чектен ашырып жибергенде илманий катмар да исламий мухит менен биригип инсанийликти коргой баштайт. Куфр системасы болсо, илманий катмарды кармап калуу үчүн инсанийлик баалуулуктары тарапка өзгөрүүнүн ордуна, исламий мухитти да залим кылып көрсөтүү үчүн мусулмандардын атынан, же аларды пайдалануу менен террордук операцияларды ишке ашырып, өз тарапкерлерин алдоо жолу менен болсо да сактап калмакчы болууда. Анткени, куфр системасы эми инсанийликке карай жүрө албайт. Себеби, ал идеологиялык жактан кыйроого учурады. Т.а. анын идеологиясы иш жүзүндө адамзатты өз акыйдасы менен башкара албады. Эми куфр системасы идеологиялык күрөштөн баш тартып, дүйнөгө экономикалык жана аскерий басым өткөрүү стратегиясын тандады.

Жогорудагы террордук операцияда о.э. буга чейинки бир нече жардырууларда Кыргызстан жана дагы башка бир катар мамлекеттердин жарандары шектүү боло баштады. Бул нерсе, дүйнөлүк куфр системасы бир операция аркылуу бир нече максаттарын ишке ашырып алууну көздөп жаткандыгын билдирет. Бул шектенүү, операцияны Түркия бийлиги жалгыз өзү ишке ашырбагандыгын түшүндүрөт. Анткени, Түркия Исламды террорчу кылып көрсөтүүнү максат кылган эмес, мындан ага эч кандай пайда жок. Бул аферисттик негиздеги жыртыкчтык аракеттерди дүйнөлүк кызыкчылык ээлери болгон жетекчи мамлекеттер ишке ашырышкан. Демек, бул улантылышы күтүлүп жаткан террордук операцияларга дүйнөлүк куфр системасы гана кызыкдар!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here