Түркия да Сирия маселесинде Россия менен Ирандын позициясын кабыл алды

299
0

Түркия да Сирия маселесинде Россия менен Ирандын позициясын кабыл алды

Россиянын борбору Москва шаарында Түркия, Россия жана Иран мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери чогулуп, Сирия маселесин талкуулашты. Үч тараптуу талкуудан кийин ортоктош декларация жарыя кылынды. Ошентип, Түркия да Сирия маселесинде Россия жана Иран жүргөн жол менен жүрө турган болду.

Сирия маселесине аралашкан мамлекеттер ачык эле АКШ планы боюнча иш кылып жатышса да, бирок, Түркия өзүнүн мындай абалын жашырууга аракет кылып келген эле. Түркия бийлиги АКШ жана коалициялык күчтөр менен бардык тармакта кызматташуусуна карабастан, ушул кезге чейин өзүн Сирия калкы менен ынкылапчылар тарапкери кылып көрсөтүп келди.

Бирок, Москвада болуп өткөн акыркы жолугушууда Түркия ушул кезге чейин дааба кылып келген саясатынан расмий түрдө баш тартты. Сирия калкын кыргын кылгандар менен келишип, ортоктош декларацияга кол койду жана Сирия өткөөл мезгилине Асад режими башчылык кылышына ыраазы болду.

Иран республикасы, Россия Федерациясы жана Түркия республикасынын тышкы иштер министрлери 2016-жыл, 20-декабрь күнү Москва шаарында жолугушуп, төмөнкү беренелер боюнча келишип алышты.

1- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Сирия араб республикасынын көп улуттуу, көп диндүү, мазхабпарас болбогон демократиялык жана илманий (светтик) мамлекет түшүнүгүн, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин урматтай тургандыгын дагы бир жолу билдиришти.

2- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Сирия проблемасы үчүн аскерий чечим жок экендигине канааттанышты. Тараптар качкындар боюнча БУУ жогорку комиссиясынын №2254-токтомуна ылайык, бул маселенин чечиминде көрсөткөн маанилүү ролду моюнга алышат. Министрлер “Сирияны колдоо тобунун” токтомдорун да эсепке алышат. Ушул документте көрсөтүлгөн беренелерди ишке ашыруу жолундагы тоскоолдуктарды алып таштоо үчүн эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрүнөн жакшы ниет менен кызматташууну талап кылышат.

3- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Чыгыш Халабда (Алепподо) карапайым калктын ыктыярдуу түрдө эвакуация кылынышын жана куралдуу оппозициянын тартиптүү көрүнүштө ал жерден чыгышына уруксат берилиши туурасындагы ортоктош аракеттерди курсантчылык менен кабыл алат. Министрлер, айрыкча, Фуа, Кефрейй, Зебадани жана Мадаядан карапайым калктын эвакуация кылынышын да макулдайт. Тараптар бул жараяндын үзгүлтүксүз жана коопсуз көрүнүштө аякташын камсыздоого жоопкер. Министрлер эвакуацияны ишке ашырууда жардам бергендиги үчүн Кызыл Крест жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрүнө ыраазылык билдиришет.

4- Министрлер тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жана карапайым калктын мамлекет бойлоп эркин аракеттенүүсүн өнүктүрүү маанилүү экендиги туурасында келишип алышты.

5- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери Сирия бийлиги менен оппозиция ортосунда өткөрүлүшү мүмкүн болгон сүйлөшүүлөр шарттарын жеӊилдетүүгө жана буга кепил болууга даяр экендигин билдиришти. Муну ишке ашыруу үчүн башка мамлекеттерди кырдаалга таасир өткөрүүгө чакырышты.

6- Ушул келишим БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин №2254-токтомуна ылайык, Сириядагы саясий жараянды улантуу үчүн зарыл болгон шарттарды жарата турган бир ыкма болушуна катуу ишенип жатышат.

7- Министрлер Казакстан президентинин жолугушууларды Астанада өткөрүү чакырыгын айтып өтүштү.

8- Иран, Россия жана Түркия мамлекеттери ИШИМ жана ал-Нусрага каршы биргеликте күрөшүү о.э. куралдуу оппозициялык топтордон баш тартуу жаатында чечимдери катъий экендигин баса белгилешти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here