Россия Атамбаевдин сөздөрүнө жооп кайтарды

Россия Атамбаевдин сөздөрүнө жооп кайтарды

 Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев 1-декабрдагы жылдык маалымат жыйынында Россиянын аскерий базасы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, база келишим мөөнөтү аяктагандан “чыгып кетиши” керектигин билдирген эле.

 Атамбаев: “Албетте, бул нерсе кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Бирок, Россия президенти бардыгын түшүндү. Мени Американын базасын чыгарып жиберип, Россияныкын калтырып койду  деп сындап жатышат. А бирок, Россия менен келишим түзүлгөн. 2016-жылы учурдагы мөөнөт аяктайт, ошондон кийин база дагы 49 жылга калышы жана 25 жылга узартылышы керек эле. Бирок биз 15 жылга калтырдык”,- деген эле.

 Күтүлгөндөй эле, орус бийлиги Алмазбек Атамбаевдин бул билдирүүсүнө тез арада жооп кайтарып, эгерде база чыгарыла турган болсо, Кыргызстан терроризм менен жалгыз өзү күрөшүүгө туура келишин эскертип койду.

 “Эгерде Атамбаевге базанын кереги болбосо, демек ал терроризм менен жалгыз күрөшүүгө даяр окшойт, талибандар болсо жакын жерде жүрүшөт. Бирок шашылып чечим чыгарбай туралы, балким акырында алар башкача чечим кабыл алышар”, – деди Федерациялык Кеӊештин эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысынын орун басары Владимир Жабаров.

 Жабаровдун бул билдирүүсү көбүрөөк эскертүү маанисинде болуп, эгерде Атамбаев Россия сызып берген сызыктан четке чыга турган болсо, мамлекетти Россия тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон террордук иштер курчап алышын уктуруп коймокчу болду. Белгилүү болгондой, Россиянын мындай “террористтик операцияларды” уюштурууда өтө чоӊ тажрыйбасы бар.

 Мындан тышкары, Атамбаев жүргүзүп  жаткан саясат Россияны канааттандырбай калган окшойт. Кыргызстан бийлиги күндөн-күнгө алсырап барууда. Оппозиция болсо тескерисинче күчөп, ал тургай Атамбаевдин партиясы болуп эсептелген КСДПнын катарында да бөлүнүп-жарылуу жүз берүүдө. Путинге болсо үчүнчү түстүү революциянын кереги жок.

 Ошол себептен улам, Атамбаев маалымат жыйынында “Россия президенти Владимир Путин экинчи мөөнөткө калууну сурангандыгын” айткан болсо да, түпкүлүгүндө, Путин андан ашыкча ызы-чуусуз, тынч гана кетүүнү талап кылган болушу мүмкүн.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…

1 day ago

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

2 days ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

2 days ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

2 days ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

2 days ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

2 days ago