УКМК: Хизб ут-Тахрир уюму өз ыкмасын өзгөрттү

277
0

УКМК: Хизб ут-Тахрир уюму өз ыкмасын өзгөрттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму өз ишмердигин активдештирип, жаңы ыкмалар менен иш жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган органдын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Мындай кырдаал акыркы учурда Сирия менен Иракта таасирин күчөткөн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун ишмердигине байланыштуу түзүлүүдө.

Ошондой эле тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү ыкмасын өзгөртүп, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын катарына кирүү жана ар кыл окуу жайларда таасирин күчөтүү менен өз идеологиясын жайылтып жатканы айтылган. Буга байланыштуу атайын кызмат бул уюмга каршы чараларды күчөтүп жатканын билдирүүдө.

Булак, “Азаттык” радиосу.

Туркистон: 

“Азаттык радиосу” акыркы кездерде Хизб ут-Тахрир менен күрөшүп  жаткандай аракеттене баштады. Ал кыргыз бийлигине Хизб ут-Тахрир уюму экстремист деп таанылгандыгын тез-тез эскертип, макалаларында Хизбди ИШИМ жана башка исламий согушкер жамааттарга байланыштырмакчы болуп жатат.

Бирок “Азаттык” жана дагы ушул сыяктуу куфрдун маалыматтык куралдары болгон уюмдар Хизбге атаандаш боло алышпайт. Себеби, булар болгону куралдар гана! Булар, ал тургай көз карандысыз дүйнө караш менен калыптанган жамааттар да эмес! Чыныгы душман, бул сыяктуу жүздөгөн уюмдар менен бастырып кирип келип, үстүбүздө каалагандай иш жүргүзүп жаткан дүйнөлүк куфр системасы! Алар дүйнөнү монополия кылып алышты! О.э. Кыргызстандын президенти жана өкмөтүн да! “Азаттык” болсо жогорудагы сыяктуу жалаалары аркылуу кожоюндарынын каалоосун колония болгон өкмөттөргө жеткирип турат! Т.а. аларга кимге каршы күрөшүү керектигин, кимди душман кылып белгилеш керектигин жана кимди дос деп билүү керектигин жеткирип турат! Эгерде кожоюндарыбыз кумсаларды дос туткула десе да силерде ыктыяр жок деген нерсени жеткирип турат!

Хизб ут-Тахрир исламий, саясий жана мабдаъий уюм болуп, ал Исламды турмушка кайтаруу максатында түзүлгөн.  Хизб, “азаттык” айтып жаткандай, кырдаалдан таасирленип өзгөрүүчү, туруксуз уюм эмес. Тескерисинче, абалды Ислам идеологиясы негизинде өзгөртүүнү максат кылып белгилеген. Хизб коомубуздагы бардык мазлум уюмдар, адамдар жана мамлекеттерди коргоп жатып, алардын дини, ишеними жана дүйнө карашынан таасирленбейт. Ар кандай адамга Аллахтын махлугу деп карап, ага Аллах тарабынан берилген кызыкчылыктарды о.э. алардын акы-укуктарын залимдерден коргоого аракет кылат! Себеби, Хизб Ислам мусулмандарды эле эмес, бүтүндөй адамзатты зулумдан хидаят жана бактылуулукка алып чыгуу үчүн Аллах тарабынан жөнөтүлгөн дин деп билет. Хизб ушул пикирден келип чыгып, мазлумдардын бирин да – дини жана дүйнө карашына карабастан – назардан четте калтырбайт. Хизб ут-Тахрир саясий уюм болгондуктан, ал коомубуздагы бардык зулумдарга каршы, мамлекет, уюм жана армияларга каршы саясий күрөш алып барат. Т.а. мамлекеттер өз жарандарынын акы-укуктарын тебелеп жаткандыгына жана шаръий милдеттерден баш тартып жаткандыгына каршы, эскертүү аркылуу үммөттү ойготуу максатында ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Армияларга кайрылып, аларды белгилүү бир мамлекеттердеги мусулмандарга каршы жүрүп жаткан кыргындарга каршы жихад кылууга чакырып, аларга шаръий милдеттерин эскертип турат. Хизб ут-Тахрир өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн бир гана исламий идеологиялык негиз менен алып барат. Ал мындан башка пикирдеги жамаат жана уюмдардан таасирленбейт жана ушул позиция негизинде бүт дүйнөдө ачык-айкын ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

  Хизб ут-Тахрир, ИШИМ уюму болобу, же башкабы айырмасыз, буларды шылтоолоп Ислам жана мусулмандарга каршы жүрүп жаткан ыпылас аракеттерге мамиле билдирбей бир четте карап турууну өзүнүн пикирий вужудуна тескери келет деп билет. Бирок, бул нерсе Хизб ошол уюм менен пикирлеш болду дегенди түшүндүрбөйт. Бул пикир чалгытуучу куфр уюмдарынын негизсиз пикирлеринен болуп, элди жана мусулмандарды бөлүп-жаруу жана коркутуу максатында атайылап таратылып жатат! Хизб ут-Тахрир бир гана Ислам жана исламий баалуулуктарды өз ордуна алып келүү үчүн аракет кылат! Ошондуктан, бир гана Ислам динине даъват кылат. Хизб өз аракеттеринин натыйжасын, Исламий мухит күчөп барышынан жана коомубуз исламдашып бара жатышынан көрүп турат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here