Путин мөөнөтүнөн мурда президенттиктен кетиши мүмкүнбү

320
0

  Путин мөөнөтүнөн мурда президенттиктен кетиши мүмкүнбү

Россия президенти Владимир Путин ден соолугуна байланыштуу маселелерден улам мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышы мүмкүн. Бул туурасында Москва мамлекеттик институтунун тышкы мамилелер боюнча эксперти Валерий Соловей маалымдады.

Россия Илимдер академиясынын профессору, Кремл иштери боюнча эксперт, белгилүү саясат тануучу 56 жаштагы Валерий Соловейдин пикирлери Кремлге жакын веб-сайттардын бири аркылуу таркатылды. Кабарда 64 жаштагы владимир Путин ден соолугуна байланышкан көйгөйлөр жана Батыш мамлекеттери менен болуп жаткан көйгөйлүү алакалар себептүү президенттик мансабын ташташы мүмкүндүгүнө ишара кылынды.

Соловейдин айтышынча, спортко жакын болгондугу менен таанылган Путиндин отставкага чыгуу себеби ден соолугуна тийиштүү көйгөйгө байланыштуу. Бирок ал Путиндин саламаттыгы туурасында толук маалымат бербеди. О.э, Кремл да Батыш массалык маалымат каражаттарында таркалып жаткан бул жаңылык туурасында сөз сүйлөөдөн баш тартты.

Соловей Путиндин иш ордунан кетүү убагы 2017-жылда болушун айтты. Кабарга ылайык Путиндин ордун премьер-министри Дмитрий Медведев же Алексей Дюмин ээлейт.

Бул кабар чыккандан үч саат өткөндөн кийин веб-сайттан алып ташталган. Ушундай болушуна карабай, Россия башчысы саламаттыгына байланышкан көйгөйлөр туурасындагы маалыматтар менен 50 миңден ашык адам таанышууга үлгүрдү.

Туркистон:

Каримовду ак кан менен ооруп жатыптыр, жакында өлөт экен деп, кудум ушундай жашыруун маалыматтар таркатылган эле. Андан кийин он жылдан ашык жашады. Бирок бул маалымат, оппозициялык күчтөрдү, мусулмандарды жана мазлум калкты чалгытып, жасалма жол менен, аларда күтүп туруу жана үмүт кылуу сезимин күчөткөн.

Россиянын ички саясатында да, тышкы саясатында да Путиндин абалы жаман Сирияда алып бараткан аскердик иштери, бүткүл дүйнө мусулмандарынын жек көрүүсүн күчөтүүдө. О.э, Россия жарандарынын көп бөлүгүн түзгөн мусулман жарандарынын да жек көрүүсүн күчөттү. Эми Путиндин чыныгы жүзү жана саясий каталары аркылуу мамлекетке жана жарандарга жеткирген зыяндарынын себебинин ачылуу убагы келе жатат.

Путин Россияны кризистик абалга алып келди. Атайынбы же билбестенби көп каталарды кылды. Ал кудуреттү бир мамлекетти абдан кор жана алсыз мамлекет кылып койду. Путин өз режими менен бирге бул каталарды оңдомокчу болуп, кайрадан башка жаңы каталарды кылып, мамлекетти ого бетер баткакка батырып барууда. Эми жакынкы күндөрдө жана ушул башкаруу системасы менен абалды кантип оңдоп жиберүнү билбей башы маң.

Путинди саясаттан четтетү, бул башкаруу системасынын өзгөрүшүнө далалат кылат. Эгер ал саясаттан чынында четтей турган болуп жатса, демек ушул жол менен азыркы авторитардык башкаруу системасын өзгөртүшөт. Т.а, режим өкүлдөрү болгон жүздөгөн алигархтарды аста-секин жана ызу-чуусуз башкаруу иштеринин алып чыгып кетмекчи. Эгер ушул максатты көздөп жаткан болсо, азыркы абалда өздөрү үчүн абдан туура жолду тандаган болмок эле. Анткени Россиянын башына түшүп бараткан бардык бактысыздык, кризис жана кооп-коркунучтар жалаң гана ушул Путиндин режиминин кайсарлыгы жана кекирейгендигинен улам болуп жатат.

Эгерде андай кылбай, Каримов сыяктуу өзүн оорулу кылып көрсөтүүдөн максаты саясатта туруу мөөнөтүн узартуу үчүн болуп жаткан болсо, анда Россиянын ушул күнкү көрүп жаткан күндөрү дагы да жамандашып бара берет. Орус калкы Путинден болгону революция жолу менен кутулуудан башка аргасы калбайт. Азыркы Путиндин режими жүргүзүп жаткан саясий системада, революциялык жарылуунун жүз бериши качып кутулгус. Болгону убакыт маселеси калды. Путиндин оорулу болушу Россиянын кырсыктуу абалына карай бара жаткандыгы эмес, балким өзүнүн жана режиминин кырсыкка карай бара жаткандыгына далалат кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here