Доналд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды

256
0
L

Доналд Трамп АКШнын 45-президенти  болуп шайланды

 Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 279 добушун топтоп, АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Республикачыл талапкер Дональд Трамп Флорида, Огайо, Түндүк Каролина, Айова жана Пенсильвания сыяктуу маанилүү штаттарда жеңишке жетишип делегат санын 279га жеткирди.

Демократ партиянын талапкери Хиллари Клинтон болсо Калифорния жана Невада штаттарында жеңишке жетишти. Клинтондун делегат саны 228ге жетти.

 Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын 270 добушуна ээ болушу керек болчу.

Акыркы натыйжалар Вискинсон жана Мичиган штаттарынан келип, аларда Трамптын жеңиши аныкталган.

Трамп Республикалык партиянын Нью-Йорктогу кеңсесине чогулган тарапташтарынын алдында сөз сүйлөдү. Хиллари Клинтон буга чеин атаандаш болгон миллиардер, бирер мамлекеттик кызматта иштебеген талапкер Трампты телефон аркылуу байланышып, аны жеңиши менен куттуктады.

 Туркистон:

Ооба, АКШ мамлекети стратегиясын президент эмес, неоконсерваторлордон турган жетекчи кубат ээлери белгилейт. Президент да, жетекчи топ, сенат жана жетекчиликти бөлүшүп алган эки партия (республикачилар жана демократтар) да, жалпы стратегияга ылайык иш алып барышат.

Жетекчи кубат, дүйнө системасын курал кылып, дүйнөлүк саясий жана геополитикалык өзгөрүүлөргө ылайыктап, тактикаларды өзгөртүп барышат. Мисалы, эл аралык саясатта, 2000-жылдан кийинки окуяларда да азыркы окуяларга окшош абал жүз берип, жетекчи кубат өкүлдөрү президенттикке кичи Бушту алып келишкен. Т.а, күтүлүп жаткан иштерди чече ала тургандай адамды президенттикке алып келип, аны эмоцианалдуу адам деп, анын колу менен кылмыштык иштерди ишке ашырып алышты.

Донольд Трамп прзиденттикке келе жатат. Жогорудагы Расмуссендин баянаты, Трамптын ролу кандай болушун көрсөтүп жатат. Б.а, АКШнын кийинки тактикасы, келе жаткан президенттин өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Туурарагы, Американын жаңы стратегиясына ылайык деп тандалган президент келе жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here