Бүгүнкү күнгө чеин коопсуздук күчтөрү сабында “крысалар” бар, бирок аларды бетке кармап бүткүл түзүмгө ылай чаптабаш керек, деди Алмазбек Атамбаев 31-октябрь күнү Бишкек шаарында ИИМ кызматкерлерине квартираларды тапшыруу аземинде.
“Ар дайым жана ар убакта “крысалар” болгон жада калса 7-кабаттагы президенттин бөлмөсүндө да “крысалар” отурган. ИИМде же башка түзүмдөрдүн складдарында отурган айрым “крысалар” үчүн, мамлекетте азырынча террориздмин алдын алып жаткан милиция, чек арачы жана УКМК кызматкерлеринин мээнеттерин унутпашыбыз керек. Айтмакчы, жада калса АКШ, Россия жана Францияда да муну токтото алышпаган. Азырынча Кудай бизди сактап турат”,- деди Атамбаев.
Атамбаев коопсуздук кызматына дагы да көбүрөөк маани бериш керектигин, анткени алар ишке кеткен соң алардын үй-бүлөлөрү кайтып келишеби же жокпу билишпейт.
“Ошон үчүн бизде чек арачы жана коопсуздук кызматынын кызматкерлерине мамиле өзгөчө. Биз күч органдары кызматкерлери алдында карызбыз деп эсептеймин. Өзгөчө милиция алдында, анткени ууру жана каракчы өкмөт 2005 жана 2010-жылдарда өзү менен калктын ортосуна милицияны коюп келди. Ошол убакта биз айрым милиция кызматкерлерин жоготтук. Анткени алар өз милдет жана иштерин аткарышкан эле”,- деди президент.
Тукристон:
Туура, милиция, чек ара кызматы жана УКМК сабында өз ишин ак ниеттен кылып жаткан, өз милдети калк тынчтыгы жана кадыржамдыгын камсыздодо деп билген, кесипкөй кызматкерлер да бар. Бирок муну менен бирге өзүнө берилген мансап жана бийликтен элди тоноо, эл үстүнөн бийлик арттырууда пайдаланып жаткандары да жок эмес. Ушундай болгон соң түзүм кызматкерлеринин бир тарабынан ишке ашкан кыңыр иш жана кылмышы үчүн бүткүл түзүмдү жаманатты кылуу туура болбойт.
Бирок бул болгону мамлекет аткаминерлери жана күч органдарына тийиштүү эле болбостон, карапайым калк, алардын арасынан мусулмандарга да колдонулушу керек. Анткени расмий өкмөт бир муслима же мусулмандар кылган бирер туура эмес аракети үчүн бүткүл мусулмандарды айыптоого аракет кылышат.
Президент, министр, депутат же орган кызматкерлеринин кылмыш иштери үчүн болгону ошол адам айыпкер деп, калгандары уялбастан ыплас иштерин уланта беришет. Акыры бир кылмыш ишти мусулман кылса да, кафир же мунафык кылса да натыйжасы өзгөрбөйт. Т.а, ал бирер адамды өлтүрсө, аны ким өлтүргөндүгү маанилүү эмес. Балким, эмне үчүн өлтүрдү, ушуга укугу бар беле, чегинен чыкпадыбы, маселенин мына ушул тарабы маанилүү. Кылмышты бирер мусулман кылса бул коом үчүн кооп туудурса, мамлекет атка минерлери же коопсуздук кызматы кылса эч кандай кооп жок имиш. Мусулмандарды болсо күмөндүү адамдар деп кылмыш жоопкерчилигине тартып жиберишүүдө. Аларды кылмыштарга шерик деп, жада калса алардын достору жана жакындарын да тергөөгө тартышууда.
buy lasuna pills for sale – buy generic diarex online himcolin drug
buy periactin 4 mg sale – zanaflex cost tizanidine 2mg sale